• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Юлия Началова акыркы керээзинде эмнени суранган?

25 Жалган куран 2019 16:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.03.2019. Govori.TV

Ырчы Юлия Началованын каза болгону анын миллиондогон күйөрмандарынын көңүлүн чөктүрүп турган учур. Ал  арада ырчы акыркы керээзинде эмне дегени айтылды.

Ырчынын жетекчиси Анна Исаеванын айтымында Юлиянын мурунку жолдошу Евгений Алдонин калтырган 4 бөлмөлүү батирди экс-сүйгөнү Александр Фролов талашып жатат.

Ал Юлия 20 миллион рубль карыз алып кепилдикке үйүн койгондугу тууралуу айтууда.

Началованын акыркы керээзи да дал ушул маселе боюнча болгон. Ырчынын 12 жаштагы Вера аттуу кызы бар. Ал өлүм алдында кызы үйсүз калбашын жана бул боюнча жардам берүүсүн суранган.

Учурда Вера чоң апасы менен жашап жатат. Ал ар кандай кошумча окууларга барып, жакшы жетишкендиктерге жетишкен кыз.

Булак: “Барометр”

Количество просмотров: 23