• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Көбү Бишкекте. Коронавирустун жаңы 250 учуру катталды

26 Кулжа 2020 10:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-июнга карата Кыргызстанда дагы 250 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 4204 адамга жетти.

Жаңы катталган бейтаптар:

  • Бишкек шаарында 105 адам;
  • Чүй облусунда 61 адам;
  • Ош облусунда 19 адам;
  • Ош шаарында 47 адам;
  • Жалал-Абад облусунда 12 адам;
  • Талас облусунда 1 адам;
  • Нарын облусунда 1 адам;
  • Ысык-Көл облусунда 2 адам;
  • Баткен облусунда 2 адам.
Количество просмотров: 478