Бүгүн, 27-декабрда таңкы саат 04:00дөн тарта Бишкек шаарынын аймагын «Тазалыктын» кызматкерлери кардан тазалап жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 133 көчөгө 10 тонна техникалык туз себилди.
«Карды тазалоо иштерине жалпы 39 автоунаа тартылган. Ошондой эле 771 жумушчу иштеп жатат»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Кыргызгидромет агенттиги шашылыш билдирүү таратып, жекшембиден тарта күн сууктап, кар жаай турганын эскерткен.