• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Көчө шыпырып жаткан маалда «Тазалыктын» кызматкерин унаа сүзүп кетти

12 Бирдин айы 2018 12:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.02.2018.Govori.TV.
Бишкек шаарында жолду тазалап иштеп жаткан «Тазалыктын» кызматкерин унаа сүзүп, ооруканага жетпей каза болду.Кырсык дүйшөмбү күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында, Бишкектеги Байтик баатыр менен Түштүк магистралдын кесилишинде болду.
Катуу келе жаткан машина жолдун четин шыпырып жүргөн аялды коюп кетти. Ал кызгылт сары күрмө кийип жүргөн. «Тазалык» ишканасынан алардын 60 жаштагы кызматкери жол эрежесин бузган аракеттерди жасабагандыгын жана бардык талаптарды сактап, өз милдетин аткарып жаткан учурда аны унаа сүзүп кеткенин айтышты.
Айдоочу жол кырсыгы болгон учурда мас абалында эмес экени аныкталды, деп айтылат Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын билдирүүсүндө.
«Байтик баатыр жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде иштеп жаткан «Тазалык» ишканасынын 60 жаштагы кызматкерин Түштүк магистраль көчөсү менен батыштан чыгышты көздөй бара жаткан Honda Elysion үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүп кеткен. Натыйжада оор жаракат алган «Тазалык» ишканасынын кызматкери ооруканага жетпей каза болгон»,- деп айтылат маалыматта.

 

Каза болгон аялдын кырсыкка чейинки 1.5 саат мурдагы сүрөтү Сүрөт: Тазалык

 

Количество просмотров: 52