• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көчмөндөр оюндарынын ачылышына түрк тилдүү өлкөлөрдүн президенттери катышат

22 Баш оона 201813:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.08.2018. Govori.TV.
Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, чакыруу бир топ өлкөлөрдүн президенттерине жөнөтүлгөн. Алардын ичинен ушул төртөө келээрин ырасташкан. Булардан сырткары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан да келерин айткан.
Оюнга жакындаганда бул тизмеге башка мамлекет башчылары да кошулуп калышы мүмкүн.
Количество просмотров: 66