• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына болгон казак жаранынын көз карашы

6 Аяк оона 201819:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.09.2018.Govori.TV.

Учурда Кыргызстанда өтүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык деңгээлде   кызуу талкууга алып жаткан кези. Айта кетсек, Кыргызстанда өтүп жаткан III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына болгон көз карашын казак жараны өз фейсбук баракчасына жазган.
«Эч кимге кереги жок Азиада, Универсиада, Экспо сыяктуу толгон-токой долбоорлорго жүздөгөн миллиард долларларды чачып, анан Кыргызстанда көкпар башкача экен, ат таппай калдык, эрежелери башкача экен деп ыйлактоо жана дүйнө көз салып, катышкысы келип жаткан укмуштуудай Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын карап туруп ич күйдүлүк менен алсыздыктан ыйлап жибербөө үчүн түркүн шылтоолорду ойлоп табуу. Ушуну биздин бренд кылып алып чыгууга эч ким жолтоо болгон жок эле го, каражат да аз эле керек экен. Акыйкатта картада бош жер экенбиз», — дейт казак жараны Исмаилбек Беккужин.

https://www.facebook.com/100000815788122/videos/1895460047157836/

 

Количество просмотров: 46