• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күйүүчү май уурдайм деп, күйүп кетишти (видео)

19 Үчтүн айы 2019 14:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.01.2019. Govori.TV

Мексикада күйүүчү май өтүүчү Туспан-Тула түтүгү жергиликтүү жарандар уурулук кылып жаткан учурда жарылып жыйынтыгында 20 жаран каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 350 жергиликтүү жаран чогулуп битон жана канистирлерге күйүүчү май уурдоого аракет кылышкан. Мунай өтүүчү түтүк уурулук жасалып жаткан учурда жарылып 20 адамдын өмүрүн алып кеткен. Ага кошумча 71 адам жаракат алган.

Калаа башчысы Клаудия Шейнбаум кырсык болгон жерге 4 медициналык тик учак жибергендигин билдирди. Окуя болгон жерде жайгашкан туругундар көчүрүлүп, аймак курчоого алынды.

Буга чейин ууруларга согуш жарыялаган президент Андрес Мануэль Лопес Обрадор жабыркагандарга бийлик жардам берээрин айтууда.

Булак: «Барометр» агенттиги

Количество просмотров: 40