• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күйүүчү майды Казакстан аркылуу ташууда маселе жаралганы кабарланды

4 Тогуздун айы 2023 9:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы Орусиядан ташылган күйүүчү майларды Казакстан аркылуу алып өтүүдө кыйынчылыктар пайда болгонун билдирди.

Бирикменин 3-октябрда тараткан маалыматына караганда, 1-сентябрдан бери «Казакстан Темир жолу» улуттук компаниясы эч кандай расмий түшүндүрмө бербей туруп жүк алып өтүүлөрдүн айлык планы тууралуу макулдашууну кабыл албай жатканы айтылат.

«Мунай ташуучу жергиликтүү компаниялар «Кыргыз Темир жолу» ишканасы менен бирге бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатат. Бирок бүгүнкү күндө октябрь айы үчүн коюлган пландар «Казакстан Темир жолу» тарабынан четке кагылып жатат. Күйүүчү майды Казакстандын аймагы аркылуу алып өтүүдөгү бул көйгөй 20 күндөн кийин Кыргызстанда май таңкыстыгын жаратышы мүмкүн», — деп жазылат билдирүүдө.

Бул тууралуу мамлекеттик мекемелер комментарий бере элек.

Количество просмотров: 100