• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күйүүчү майдын баасы эмне үчүн өсүп жатат?

24 Жалган куран 2021 15:55 Бишкек Govori.TV

Күйүүчү майдын баасы эмне үчүн өсүп жатканы тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов айтып берди.

«Акыркы жолу маалыматты 1-март күнү бергенбиз, анда күйүүчү май 70-71 пайызга көтөрүлдү деп айтып жатканбыз. А бүгүнкү күнгө караганда дагы 100 пайызга көтөрүлдү деп айтабыз да. Анткени жыл башында 300 доллардан тоннасын алып жатсак, бүгүнкү күндө биздин мунай ташуучулар 610 доллардан алып жатышат, бул 102 пайызга жогорулады. Эң негизги көйгөй ошондо болуп жатат, анткени биз ошол сатып алган баага көз каранды экенбиз. Кандай баа менен алып, ташып келсек бул жактан чекене баалар ошого жараша калыптанып жатат. Биздин айыл-чарба ишкерлерине баарын алып келип, толугу менен камсыз кылып беребиз деп кепилдик алганбыз, ал жерде эң эле көйгөйлүү ошол баанын өсүшү болуп жатат. Баарын үзгүлтүксүз ташып келгенге даяр, бирок баа ошол Россиянын нефтти кайра иштетүүчү заводдорунун баасына жараша бул жакта да жогорулап жатат», — дейт ал.

Количество просмотров: 224