• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө кубогу өтөт 

4 Баш оона 2023 12:18 Бишкек Govori.TV

 Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу КР Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев билдирди.

«Спорттук иш-чара үч форматта өтүп, ага сегиз мамлекеттен 12 клубдар катышат. Биринчи форматта Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку лигасында ойногон төрттөн сегиз клубу катышат. Анда Кыргызстандан «Сары-Өзөн», «Достук», «Ынтымак», «Мурас» клубдары ойнойт. Бул турнирдин максаты кыргыз-казак достугун чыңдоо болуп саналат», — деди ал.

Бегалиев белгилегендей, экинчи форматта Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Венгрия, Монголия, Россия жана АКШдан жалпы 12 клуб ат салышат.

Кошумчалангандай, турнирдин байге фонду 5 млн сомдон жогору, учурда демөөчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Количество просмотров: 99