Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында 3-ноябрынан 8-ноябрына чейин өлкөнүн көк бөрү боюнча президенттин кубогунун мелдеши өтөт.
Сыйлыктар Жогорку жана I лиганын командаларынын арасында ойнотулат. Мелдеште ат чабыш, эр эңиш, салбуурун боюнча таймаштар дагы өткөрүлөт.
Мелдештердин программасы: