Көк бөрү федерациясынын кезексиз жыйыны өтүп, Рамис Жунусалиев өз каалоосу менен кызматтан кетип анын ордуна федерациясынын президенти болуп Башкы прокурор Курманкул Зулушев шайланды.
Баш прокурор Курманкул Зулушев болсо былтыр 13-августтан бери эл аралык Көк бөрү федерациясын жетектеп келген. Ал мындан ары эки федерацияга тең президент боло турган болду.
Белгилей кетсек, Рамис Жунусалиев Чүй облусунун «Сары-Өзөн» командасынын капитаны, кийин федерациянын президентинин орун басары, ал эми 2023-жылы октябрь айында Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланган.