• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Көкүлов: Кыргызстан аферисттердин өлкөсү болуп калдыбы?

15 Кулжа 2022 12:08 Бишкек Govori.TV

Депутат Эрулан Көкүлов жакында эле абактан чыккан Гүлзат Мамытбектин дарегине сын пикирин айтып, нааразы болду.

«Гүлзат Мамытбек элди алдап кеткен кыз. Кайра баштаптыр, ар кайсы жарнамаларды берип жүрөт. Мен журналисттик иликтөө кылгам, 2020-жылы жүрөккө операция боло турган эки жашар баланын 5 миң долларын көбөйтүп берем деп из жашырган. Эки пенсионердин батирге чогултуп жүргөн акчасын алып Москвага качып кеткен. Мына соттон бошотулуп кайра концерт коюп, бийлеп, ойноп жүрөт. Кыргызстан аферисттердин өлкөсү болуп калдыбы? Бул качан токтойт? Азыр милицияны жамандайын десем мени жаман көрүшөт. Андан көрө ошондой иштерди жаап койгон милиционерлерди жаман көргүлө. Гүлзат Мамытбек эмне себептен бошотулганы тууралуу маалымат берип койгулачы. Ушул аферисттерди тыйсак жакшы болот эле. Канчага чейин жөнөкөй адамдар алданып эле жүрө беришет», — деди депутат Көкүлов.

Буга чейин, алдамчылыкка шектелип, камакка алынган блогер Гүлзат Мамытбек пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн бошотулган.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 24-майындагы өкүмүнө ылайык, Гульзат Алымкулова Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2, 3-пункттарында каралган кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылды жана ага карата 5 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгу жаза дайындалды. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде ага 3 (үч) жылдык пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн бошотулду.

Эске салсак, Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө 7 жаран арыз жазган. Алардын айтымында, Гүлзат Алымкулова кыска мөөнөттө ири кирешеге ээ кыларын айтып, акчаларын алып, качып кеткен. Жарандар тарткан чыгым 110 миң долларды түзгөн. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен каттоого алынып, 2020-жылдын февраль айында өлкөдөн чыгып кеткен Гүлзат Алымкуловага издөө жарыяланган.

Количество просмотров: 5816