Жогорку Кеңештин депутаттары Эрулан Көкүлов менен Бакыт Тентишев журналисттерге комментарий берип, уруш тууралуу маалыматты четке какты.
Көкүловдун айтымында, эч кандай жакалашуу болгон эмес.
«Сиздерде далил барбы? Эч кандай жакалашуу болгон жок»,-деди ал.
Депутат Бакыт Тентишев дагы окуяны төгүндөп, төмөндөгүлөргө токтолду.
«Бизде эч кандай уруш-талаш болгон жок, биз доспуз»,-деди Тентишев.
Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Эрулан Көкүлов менен Бакыт Тентишев жыйындар залында уруша кетип, сыртка чыгып кетишкен.
Экөөнүн артынан чыккан депутаттар пикир келишпестик орунсуз тамашадан улам чыкканын айтып, башка комментарий беришкен эмес.