• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Көк-Таштын тургуну Жапаровго Тажиктердин кызыкчылыгын коргогон Мадумаров жоопко тартылсын деп талап койду

31 Бугу 2021 17:00 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургуну Садыр Жапаровго “Тажиктердин кызыкчылыгын коргогон Адахан Мадумаров жоопко тартылсын деп катуу талап койду.

“Биздин Көк-Таш айылы өтө жабыркап кетти. Бир джагы Лейдек менен Бишекекти көпүрө айыл экен. Тажиктер ушул жак менен өтүүгө кызыктар болчу. Эң биринчи биздин жерди, тополоңду баштаган бул Адахан Мадымуров болгон. 275 метр жерди Мадумаров кол коюп койгон.
Ошондон бери тажиктер бизге үстөмдүк кыла баштады. Бир нерсе болсо эле жолду тосуп салышат. Кнрек болсо ооруканага дагы бара албай калабыз. Мына жакында окко учкан балдарыбыз ооруканага жетпей жолдон кан сырап каза болушту. Мадумаров тажиктердин кызыкчылыгын коргогон үчүн жоопко тартылышы керек, карапайым эл биз талап кылабыз”, — дейт жергиликтүү аял.

Количество просмотров: 295