• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы финалга чыкты

6 Аяк оона 201818:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.09.2018.Govori.TV.
Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын финалында ойнойт.
Бүгүн 6-сентябрда жарым финалдык оюнда кыргызстандык көкбөрүчүлөр Орусиянын Москва облусунун командасын 23:5 эсебинде жеңип алды.
Бүгүн дагы бир жарым финалдык беттеште Өзбекстан жана Казакстандын командалары ойнойт. Таймаштын жеңүүчүсү финалга жолдомо алат.
Финалдык оюн эртең 7-сентябрда саат 16:00дө Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда өтөт.
Количество просмотров: 43