• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Көл жээктеги мушташ боюнча кылмыш иш козголуп, себепкери камакка алынды

30 Кулжа 2022 12:38 Бишкек Govori.TV

29-июнунда «Радуга» пансионатынын пляжында болгон мушташ фактысы боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-берененин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Буга чейин маалымдалгандай, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө «Радуга» пансионатынын пляжында мушташкан боюнча 18 адам алынып келинген. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө мушташка 11 жарандын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталган, анын ичинен 3 эс алуучу жана пансионаттын коопсуздук кызматынын 8 кызматкери.

Кечээ тергөө кызматы козголгон кылмыш ишинин алкагында мушташтын негизги себепкери 34 жаштагы М.Э. Ысык-Көл РИИБдин УКЖга киргизилген. Мушташтын башка катышуучуларына карата тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 239