• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Манастагы массалык мушташтан кийин 22 бала камакка алынды

24 Жетинин айы 202511:29 Бишкек Govori.TV

Манас шаарында массалык мушташтан кийин 22 бала камакка алынды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Манас ШИИБдин нөмөөт бөлүгүнө 19-ноябрга караган түнү саат 01:00 чамасында Спутник кичи районунда 15-20дай топ балдардын бири-бирине таш атышып урушуп жаткандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Бул окуя Манас шаарынын милициясы тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, тиешелүү матерталдар чогултулуп, видеоматериалдар алынган.

Топтолгон материалдардын негизинде Манас ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан окуя кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыштын бетин ыкчам ачуу максатында милиция тарабынан зарыл болгон бардык чаралар көрүлгөн.

Жалал-Абад ОИИБдин жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында массалык мушташка катышкан 23 баланын өздүктөрү такталган. Алардын ичинен 22 жаран кармалып, Манас шаардык соту тарабынан 1 айга камакка алынган. Ал эми 1 бала ооруканада дарыланууда. Анын жоопкерчилиги ооруканадан чыккандан кийин каралат.

Бул окуя азыркы учурда, Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө жана мыйзам чегинде тергөө амалдары жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 99