• Шейшемби 5 Бештин айы 2023
  • Вторник 5 Декабрь 2023

Көлбаев боюнча кармалган ишкер Подобедов камактан бошотулду

31 октября 2023 в 16:31 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук комитети Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен кармаган ишкер Олег Подобедов камактан бошотулду.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунуна сыртка чыкпоо тилкаты менен камактан чыгаруу өтунучу менен УКМК карылган. Соттун чечими 24-октябрда чыккан.

 Эске салсак, УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу топторунун иш-аракеттерине каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын алкагында 1969-жылы туулган П.О.В. (Олег Подобедов) аттуу жаран кармалганын 11-октябрда билдирген.

Ошондой эле УКМК Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

Количество просмотров: 217