• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Көлбаев менен байланышы бар деп экс-депутаттын уулу кармалды

20 Бештин айы 2023 13:21 Бишкек Govori.TV

Камчы Асанбектин (Көлбаев) кылмыштуу кирешелерин легалдаштырууга байланыштуу КР Жогорку Кеңешинин мурдагы депутатынын уулу кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, М.А.М. аттуу жаран үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында кармалган.

«Ал УКМК тарабынан К.Асанбектин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында көрүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кармалды. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айып тагылды», — деп айтылат маалыматта.

Шектүүгө карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

М.А.М. К.Асанбектин жана анын айланасындагылардын кылмыштуу иш-аракеттерин билип туруп, алардын кылмыштуу жол менен алынган мүлкүнө мыйзамдуу көрүнүштү берүү, ошондой эле мыйзамдуу ээсин жашыруу максатында 2020-жылы чыгарылган “Лексус LX570” үлгүсүндөгү брондолгон автоунаасын өзүнө каттоого алып, К.Асанбекке жана башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө пайдалануу үчүн бергени аныкталды.

Мындан тышкары, М.А.М. К.Асанбек менен жакын үй-бүлөлүк мамиледе болгон, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жаштар жана спортчулар үчүн өткөрүлүүчү жеке спорттук иш-чараларды каржылап турган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.А.М.га тиешелүү ири өлчөмдөгү мүлктөр, анын ичинде Дубай шаарындагы (БАЭ) “Бизнес Бэй” элиталык райондо жайгашкан баасы 4,5 миллион АКШ доллардан ашык болгон 24 батир аныкталды.

Учурда КР УКМК тарабынан К.Асанбекке тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Количество просмотров: 209