4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүрүп, операция учурунда ал жок кылынганганы белгилүү болду. УКМКнын маалыматы боюнча, Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөткөн.
УКМК төрагаcы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жана мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу боюнча мыйзамдын негизинде тийиштүү чаралар улантылып жатканын белгиледи.
Бул окуядан кийин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү маселеси күн тартибине чыкты…