УКМК төрагасы камчыбек Ташиев Токмок шаарындагы УКМКнын жаңы имараты капиталдык оңдоодон кийинки ачылыш аземине катышты.
Иш чара бүгүн, 5-октябрда өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы жана атайын кызматтын ардагерлери катышты.
Маалыматта айтылгандай, Камчыбек Ташиев кызматкерлерди куттуктап, атайын кызматтын өлкөдөгү бардык бөлүмдөрүнө жетиштүү шарт түзүү аракети уланаарын белгиледи. Ошондой эле, коррупцияга каршы күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукту түп тамырынан жок кылуу тапшырмасын күчөтүүнү эскертти.
«Аны менен катар УКМК төрагаcы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жана мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу боюнча мыйзамдын негизинде тийиштүү чаралар улантылып жатканын белгиледи. Буга 2023-жылдын 4-октябрында УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн кримтөбөл Камчыбек Асанбектин (ред. Камчы Көлбаев) жок кылынганын мисал келтирди.
Ошондой эле төрага сөзүн жыйынтыктап жатып, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырманы жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын баса белгиледи«, — деп жазылат УКМК тараткан билдирүүдө.
Кечээ, 4-октябрда Бишкектеги Учкун басмаканасынын жанындагы Blonder pub эс алуу жайында кримтөбөлдү кармоо операциясы жүргөн. Анда Көлбаев куралдуу каршылык көрсөтүп, жок кылынганын УКМКдан кабарлашкан.