• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Көлбаевдин тобунун мүчөсү делип кармалган жаран билегин кесип, оозун тикти

3 Жетинин айы 2020 18:57 Бишкек Govori.TV

Талап-тоноого шектелип жаткан К.Д. аттуу жаран каршылык акциясын жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда маалымат жыйында жактоочусу Самат Матцаков билдирди.

«Данияр уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес. Учурда убактылуу кармоочу жайда отурат. Каршылык көрсөтүп, 1-ноябрда оозун тигип, колун (кан тамыр) кескен», — деп билдирген жактоочу.

Эске салсак, 28-октябрда Түркиянын жараны (А.И.) милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында 27-октябрда кеңсесине белгисиз жарандар келип, өздөрүн Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары тааныштырып, андан 20 миң сом талап кылышканын айткан. Арыз ээсинин маалыматы боюнча аны коркуткандар камакта отурган кримтөбөлгө колдоо керек болуп жатканын айтып, андан баш тарткан ишкерди өлтүрүп, мүлкүн талкалап кетерин айтып опузалашкан.

Бул факт Жазык кодексинин 203-беренеси («Опузалап талап кылуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилип, сотко чейинки териштирүү башталган.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 37 жаштагы И.Э. жана Б.С. аттуу (башка аты К.Д.) кармалганын билдирген. . Кармалгандардын экинчиси Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү «Доня» деген лакап ат менен каттоодо турганы аныкталганы айтылган. Милициядан кошумчалашкандай, кармоо учурунда алардын автоунаасынан эки тапанча эки огу менен алынган.

Количество просмотров: 214