Бүгүн, 4-майга караган түнү өзгөчө абал режими бар аймактарда коменданттык сааттын эрежелерин бузган 115 адам кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 10 автоунаа айып короого киргизилген.
Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган. Коменданттык сааттын убактысы 21:00 – 06:00 аралыгы.
Бүгүн түнү кармалган жарандар:
— Бишкек шаарында 91 адам;
— Ош шаарында 13 адам;
— Жалал-Абад шаарында 3 адам;
— Ат-Башы районунда 8 адам.
Тартип бузган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык саат аяктагандан кийин бошотулду.