• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады

27 Теке 2021 0:23 Бишкек Govori.TV

Камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматов 26-июлдан баштап ачкачылык жарыялаганын «Туран» партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу билдирди.

Маалым болгондой, Молдокматовго Жазык кодексинин 264-беренесинин (массалык башаламандыкты уюштуруу) 1-бөлүмү боюнча шектүү жөнүндө кабарлама берилген. Ал өзүнө дагы бир кылмыш иши козголгонуна макул эместигин билдирип, ачкачылык жарыялаган.

«Жеңиш Молдокматовго бүгүн тергөө тарабынан 9-октябрдагы окуяга тийиштиги бар деген жүйө менен кайра кылмыш ишин козгошту. Буга чейинки эки берене боюнча эч кандай далил табышкан эмес. Ал атайын сурак протоколуна кол койгондон баш тартып, бүгүн ачкачылык жарыялоого туура келди.Молдокматов акыйкатчылык орнойт же абактан сөөгүм чыгат деген сөзүн айтты», — деди Бекчоро уулу.

Эске салсак, оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматов Ички иштер министрлиги тарабынан 6-майда кармалган. Молдокматовго өткөн жылдын октябрь окуяларында «УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган» деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, «октябрь окуяларында башаламандык уюштурган» деген кине коюлган. Биринчи май райондук соту Молдокматовду 6-сентябрга чейин камакта калтырган.

Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап келет.

Количество просмотров: 108