Бүгүн, 29-мартта жааган жамгырдан кийин Бишкектеги бир нече көчөлөрдү суу каптап, автоунаалар өткөн жолдордо ири көлчүктөр пайда болду.


Социалдык тармактын колдонуучулары аба ырайынын кескин бузулушунан улам Бишкектеги жаралган жагдайга мэрия олуттуу көңүл бурулбай жатканын жазып чыгышты.



