• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Көлдөгү жол кырсыктан Санэпидборбордун башкы дарыгери жолдошу менен каза болгон

28 Жалган куран 202415:56 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл райондук Санитардык эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери, анын жолдошу жана айдоочусу жол кырсыгында каза болду. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, башкы дарыгер Алина Токтоназарова кызматы боюнча Чолпон-Атадан Балыкчыга чогулушка бара жатып кырсыкка учураган. Райондук санэпидборборун 2021-жылдан тарта башкарып келген.

Үрөй учурган жол кырсыгы кечээ, 27-мартта, Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда болгон. Анда Санэпидемборбордун кызматтык унаасы менен Daimler-Chrysler D312 үлгүсүндөгү унаа кагышып, үч адам көз жумган.

Количество просмотров: 1851