• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери уланууда

1 Баш оона 202210:17 Бишкек Govori.TV

Эки жума мурда көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кечээ, 31-июлда кызды издөө иштерине жалпы 39 куткаруучу тартылып, издөө саат 21:30да токтотулду. Натыйжа болгон жок.

Бүгүн, 1-август күнү издөө улантылат.

Эскерте кетсек, 18-июлда саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен.

Количество просмотров: 143