Бишкектин жашоочусу кичинекей 4-5 жаштар чамасындагы кыз мас энесин тургуза албай жатканын видеого тартып алган. Видеодон кыз апасын тарткылып,тургуза албай убара болуп жатканын көрүүгө болот.
Бул тасма Лев Толстой жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде 30-октябрда тартылган. Күбө тасманы “Спутник” агенттигине жиберген. Тартылган тасмадан аял катуу мас экенине байланыштуу бутуна тура албай жатканын көрүүгө болот. Видеого тарткан адам аялды үйүнө барып, кызын карашы керек экенин эскерткен. Бирок мас аял ага “Сенин ишиң эмес!”- деп жооп берген.
Күбө кызга боору ачыганынан улам
“Баланы карай албасаң, бага албасаң эмнеге төрөйсүң”,-деп айтып жиберген.