Социалдык түйүндөрдө Бишкек шаарындагы Жогорку Кеңештин имаратынын алдында муз тээп ойноп жүргөн балдардын видеосу менен сүрөтү жарыяланды.
Сүрөттөн көрүнгөндөй, жаш балдар Ак үйдүн түштүк батыш тарабындагы дөңдөн муз тээп жүрүшкөнүн көрүүгө болот.
Эске салсак, 6-ноябрда Ак үй имаратынын айланасындагы тосмолор алынган. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев идея премьер-министрлик кызматын убактылуу тапшырган Садыр Жапаровго таандык. Ал эми тосмолор Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «жиберген каттын» негизинде алынган.
Видеону төмөндөгү шилтемеден көрө аласыз.
https://www.instagram.com/p/CI0Hpm1F6cJ/?igshid=1i75qp6af11f