• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы… Эрте жаздагы генералдар маршы!  Уинстон Черчилл кыргызча “сүйлөдү”…

22 Бирдин айы 2018 20:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.01. 2018. Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук Кеңешинде көтөргөн маселелери, сот, укук коргоо, прокуратура, коопсуздук кызматтарына коюлган так баасы бир топ саясатчылардын ичин жылытып, азыркы президент экс-ажо  Алмазбек Атамбаевдин  көчүн улабай, кыйла таза, кыйла адилет жолго түшөт деген ишеничтери пайда болуптур. Буга  бүгүн Govori.TVнын суроолоруна жооп берген  кыргыз генералдарынын сөздөрү күбө.

Феликс Кулов: “Абдил Сегизбаев отставкага кетиши керек”

Элдик генерал  деген эл берген наамы бар Феликс Кулов Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Президент абдан туура багытта бара жатканын, коррупцияга каршы күрөштө тиешелүү органдар өздөрү туура эмес иштер менен алектенип келгенин, андыктан жетекчилери кызматтан кетиши керектигин айтты. “Мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев  “Белизгейт” аталган кылмыш иши далилденбесе, анда УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев керт башы менен жооп берет, отставкага кетет деп айткан эле. Мезгил өттү, бул иш далилденген жок. Ошондуктан Абдил Сегизбаев өз эрки менен кызматынан кетиши керек”,-деп билдирди Феликс Кулов.

Исмаил Исаков: “Парламенттин кадыры эч качан мындай кеткен эмес…”

Кыргызстандагы дагы бир эл сыйлаган, чындап эле ийниндеги жылдызына жараша өлкөнүн коргонуу, коопсуздук тармагына эмгек сиңирген генерал Исмаил  Исаков да Президенттин сөзүнөн  тыянак чыгат деген үмүттө.  Ал “Президенттин сөзүнөн кийин сот, прокуратура, УКМК, каржы полициясы сыяктуу тиешелүү органдардын жетекчилери силкинип, ойгонушу керек. Аларды эми мурдагыдай эч ким эркелетпей турганын, уурулар, коррупционерлер,  кылмыштуу топтор менен  менен коюн-колтук алыштырбасын түшүнүп, өздөрүн эл алдында актап алууга чоң мүмкүнчүлүк алышы керек. Коррупцияга каршы жарым жыл жетиштүү убакыт ”,-дейт ал.

Саясатчы ошондой эле бүгүнкү күндөгү Жогорку Кеңештин абалына токтолуп,   парламентаризмди калыптандырабыз деген аракеттерге азыркы депутаттар чоң  тоскоолдук жаратып, кыялдарды суутуп турганын айтат. “Парламенттин  кадыры эгерим мынчалык кеткен эмес. Жакында эле мурда мен жетектеген коопсуздук, коргонуу жана эл аралык комитетинин бөлүм башчысы абройлуу, бүт дүйнө тааныган, урматтаган Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын акчасын кымырып алса, аз өтпөй парламенттин депутаты коңшу мамлекетте аткезчилик менен кармалганы бизди бүт дүйнөгө шылдың кылды. Коомчулук “ушулар парламентаризм курганы жатышабы?!” деп күлүп жатат. Мен ойлойм, эгер мындан да жаман акыбалга өлкөнү койгулары келбесе, азыркы парламент чечим кабыл алып, депутаттар өздөрү таркап кетиши керек”,-дейт генерал Исмаил Исаков.

 

 Кеңешбек Дүйшөбаев: “АКС, УКМК тескери иштеп, жазалоочу органга айланып калды…”

Ал эми дагы бир генерал, мурдагы коопсуздук комитетин жетектеген Кеңешбек Дүйшөбаев болсо  Президент Коопсуздук Кеңешинде айткан ар бир сөзүнүн артынан  сая түшүп көзөмөлдөө керектигин билдирди. “Албетте, Президент Өкмөттө иштегендик кылып, коррупция боюнча маалыматтуу экен, укук коргоо, коррупцияга каршы күрөшүү,  сот системасынын дартын туура аныктады. Бирок, эми ошол тазалоону башкаларга тапшырбай, өзү көзөмөлдөп, татыктуу кадрларды жетекчилик орундарга коюп, иштин аягына чыгышы керек. Тилекке каршы, учурда АКС да, Улуттук коопсуздук кызматы дагы сырткы коркунучтар же чыныгы коррупциянын чордону менен күрөшпөй, ички майда-барат иштерге көп көңүл бөлүп, саясатчылардын, журналистердин артынан түшүп алды…”,-дейт ал.

 

Экс-президент Роза Отунбаева  атактуу Уинстон Черчиллди  кыргызча “сүйлөттү”

Бишкекте Улуу Британиянын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери, дүйнөгө атагы чыккан кол башчы, эл аралык саясаттын генийи  Уинстон Черчиллдин “Асти сынбагыла!” деп аталган китебинин кыргызча котормосунун бет ачары болуп өттү.  Басылманы «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбековага  котортуп, кыргыз окурмандарына сунуш кылды.

Ачылышта экс-президент Роза Отунбаева фонд  дүйнөгө атагы чыккан, жасаган иши, сүйлөгөн сөзү менен дүйнөлүк саясаттын ырааттуу өнүгүүсүнө салым кошкон инсандар тууралуу кыргызча басылмалардын сериясын улантып жатканын айтты. “Уинстон Черчиилдин  тандалган сөздөрүнүн котормосу окурмандардын кеңири чөйрөсүнө жыйырманчы кылымдын көрүнүктүү ишмери жана кыйроого жакындап калган классикалык империялык мамлекеттин жетекчиси менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет деп ишенем. Анын сөздөрүнөн британиялык парламентаризмдин иш жүзүнө кантип иштегенин, анан да саясаттын күрөө тамыры соккон Вестминстердин атмосферасын байкап, өзүңөрдүн жеке  жана коомдук турмушка пайдалуу  сабактарын аласыңар деген ойдомун”, деди экс-президент.

 

/

Количество просмотров: 56