• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Күндүн ыргагы: 3 жаштагы кыздын өлүмү боюнча иш козголду. Жапаров Россияга барат

22 Бештин айы 2023 18:23 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ РОССИЯГА БАРАТ

Президент Садыр Жапаров 25-26-декабрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалым болгондой, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары тарабынан Биримдиктин мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон чечимдер каралат. Атап айтканда, Комиссиянын Коллегиясынын жана ЕАЭБ сотунун мүчөлөрү, Биримдиктин эл аралык ишмердүүлүгүнүн 2024-жылга негизги багыттары, ЕАЭБ макроэкономикалык саясатынын 2024-2025-жылдарга багыттары бекитилет.

«2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары каралат. Мындан тышкары, отурумдун алкагында Иран Ислам Республикасы менен ЕАЭБтин эркин соода аймагы жөнүндө Макулдашууга кол коюу күтүлүүдө. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусунда 2023-жылы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктары чыгарылат, келечекке карата негизги милдеттер аныкталат, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот. Эскерте кетсек, Кыргызстан көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине 2023 — жылы төрагалык кылган», — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

СОТ АКТИВИСТТИ 5 ЖЫЛГА КЕСТИ

Чүй облустук соту активист Адилет Балтабайга карата чечим чыгарды. Маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы ырастады.

Жогорку соттон билдиришкендей, 22-декабрда облустук сот биринчи инстанциянын токтомун күчүндө калтырды.

Белгилүү болгондой, буга чейин Адилет Балтабай «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» айыпталып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле учурда 3 жылдык пробация мөөнөтү менен абактагы жазадан бошотулган.

Өткөн айда Пробация департаменти активист пробация эрежелерин бузду деп Сокулук райондук сотко кайрылып, Адилет Балтабайды кайра абакка камоону суранган. 10-ноябрда райондук сот активисттин пробациясын жокко чыгарып, абакка кескен. Адилет Балтабайдын жактоочулары Чүйдүн сотуна арыз менен кайрылган.

ИСТАМБАЕВ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Бишкек шаардык соту Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаевди үй камагына чыгарды.

Малыматка караганда, мындай чечим 20-декабрда кабыл алынган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-декабрда аны 2024-жылдын 4-январына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Кошумчалай кетсек, 1-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Алмазбек Истамбаев Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен шек саналып кармалганын кабарлаган.

3 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫН ӨЛҮМҮ ТЕРИШТИРИЛЕТ

Бишкекте тишин дарылоо учурунда чарчап калган үч жашар Алия Кубанычбекованын окуясы боюнча Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Мекеменин басма сөз кызматы бардык экспертизалар дайындалганын, тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынарын билдирди. Маалымат боюнча, милиция кызматкерлерине тапшырмалар берилип күбөлөр суралууда.

Алия Кубанычбекова 18-декабрда Бишкектеги жеке клиникалардын биринде алты сааттык операциядан кийин чарчап калганы маалым болгон.

Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп, ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн ата-энеси Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция аталган клиникада эмес, Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүнүндө жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен байланыштырышкан.

Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага “Севоран” дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкенин, бирок ага ийне сайышканын, наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан.

КӨЛБАЕВДИН ТОБУНУН МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, «Токмок шаарын кароочусу» деп аталган К.Э.Ж. кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүү мурда бир нече жолу соттолгон. Ал жеке ишкерден 5 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап алуу фактысы боюнча кармалды.

К.Э.Ж. физикалык басым жасоо жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучу аркылуу унааларды тейлөө чөйрөсүндөгү ишкерден туруктуу негизде (б.а. отметка) акча талап кылып алып турганы аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Э.Ж. 1 миң АКШ долларын талап кылып алып жаткан жеринен кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. УКМК жарандарды жана ишкерлерди К.Э.Ж.нын пара талап кылган башка фактылары боюнча УКМКга кайрылууга чакырат.

Количество просмотров: 240