• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Абакта ачкачылык жарыялагандар 19га жетти. Баардык мектептер онлайн окууга өттү

15 Бештин айы 2022 19:53 Бишкек Govori.TV

ДЕПУТАТТАР ЫШ МАСЕЛЕСИН КАРАДЫ

Жогорку Кеңеште Бишкекти каптаган түтүн маселеси каралууда. Жыйындын башталышында Жаратылыш ресурстары министри Динара Кутмановага орус тилинде баяндама жасоого уруксат берилген жок. Төрага Нурланбек Шакиев Кутманованын дарегине сын айтып, баяндаманы кыргыз тилинде кылууну талап кылды.

Белгилей кетсек жыйынга өкмөт өкүлдөрү, Бишкек мэри катышып, ыш маселеси, таштанды полигону, жаңы конуштарды газга өткөрүү өңдүү маселелер талкууланды. Ал эми  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова адам өлүмүнө байланыштуу маалыматтарды жарыялоодо этияттык керектигин белгиледи.

Депутат Шайлообек Атазов катализаторлору жок автотранспортторго чара көрүлбөй жатканын сындап, абаны булгаган унаалардын ээлерине айып пул салынып, чара көрүүнү сунуш кылды. Ал эми эл өкүлү Медер Алиев шаардагы абанын сапатынын индексин аныктап жаткан уюмдардын репутациясына кызыкты.

СЮЖЕТ БАКИРОВДУН МАНДАТЫ

Бишкек административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировго мандат берилишинин мыйзамдуулугун кароо чечимин чыгарды. Өмүрбек Бакиров Кемпир-Абад маселеси боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш берген депутаттардын бири. 17-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен. Бир нече күндөн кийин Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарышып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Бир нече отурумдан кийин депутат иш бөлмөсүнөн мыйзамсыз чыгарылды деген бүтүм чыккан. Депутат Бакиров ар тараптан саясий кысым болуп жатканын айтты.

АБАКТАГЫЛАР АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАШТЫ

Кемпир-Абад иши боюнча камалып, абакта ачкачылык кармагандардын саны 19га жетти.  14-декабрда камакта жаткан жети киши ачкачылык жарыялоо боюнча Жаза аткаруу кызматына расмий билдирүү берген. Ал эми бүгүн, 15-декабрда аларга дагы 12 киши кошулган.

14-декабрда Акыйкатчы Атыр Абдрахматова таанышып чыккан. Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасына ага расмий тогуз адам арыз бергени менен, төрт кишиден башкасы ачкачылык кармап жатканын, Мамбетжунус Абыловдун, Асия Сасыкбаеванын ден соолугу начарлап жатканы тууралуу маалымат беришкенин жазды. Абактагылар акыйкатчыга «Айымдарды бошоткула, бошотмойунча ачкачылык кармайбыз» деп талап койгон.

МЭР КЫЗМАТТАН КЕТЕБИ?

Жогорку Кеңеште депутат Элмурза Сатыбалдиев мэр Эмилбек Адыкадыровдун президент Садыр Жапаров менен жеке мамилеси бар экенин айтып, шаардагы маселелерди чече албаганы үчүн өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырды.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров өз арызы менен кызматтан кетпей турганын билдирди.

МЕКТЕПТЕР КАРАНТИНГЕ ЖАБЫЛДЫ

Кыргызстанда баардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн режимине өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 15-декабрдагы жыйынында билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанда 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге жабылгандыгыг билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева билдирген болчу.

Ал эми депутат Айбек Осмонов мындан бир неге күн мурун ооруга чалдыккан окуучулардын саны өсүп жатканы белгилүү болгонун айтып, министрликтер биргелешип иш алып баруу менен маселенин алдын алса болмок деген пикирин айтты.

 “МУРАС” ТУРНИРИ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турниринин финалдык оюндары өттү. «Газпром балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өткөн турнирге жалпы 16 команда катышты. Беттештердин жыйынтыгында биринчи орунду «Спорттук федерациялар», экинчи орунду «Президенттин командасы» жана коло байгени «Коопсуздук» командасы алды.

Количество просмотров: 370