• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Абактагы Бөлтүрүк президентке кат жазды. Үч адамдын өлүмү тууралуу жаңы жагдайлар айтылды

27 Бирдин айы 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

ИМАНАЛИЕВДИН ТАЛАПКЕРЛИГИ КАРАЛДЫ

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештеги социалдык саясат боюнча комитетинин жыйында билим берүү жана илим министрлиги кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги каралып, колдоо тапты. Баяндама жасаган Иманалиев мугалимдерди митинг, чогулуштарга алып барып колдонгонго тыюу салуу керектигин айтты.

Жыйында депутат Элмурза Сатыбалдиев «президент Садыр Жапаровдун командасына өз ыктыярыңыз менен кошулуп калдыңызбы?» деген суроо узатты. Каныбек Иманалиев сын-пикирди аттап өтүп, мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга койдук деген жооп кайтарды.

Талкуу маалында депутат Айбек Маткеримов 7-чакырылыштагы парламент шайланып келгенден

Каныбек Иманалиев 24-февралда президенттин жарлыгы менен билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп  дайындалган.

ЭЛЧИ МЕНЕН МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган бүгүн, 27-февралда журналисттерге маалымат жыйын курду. Элчинин айтымында, Түркияда бүгүнкү күнгө чейин 173 миң имарат ураганы аныкталган. Кошумчалангандай, Кыргызстандан барган куткаруучу топ урандылар алдынан 8 кишини тирүү куткарып, 198 адамдын сөөгүн алып чыгышкан.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңда Кахраманмараш провинциясында магнитудасы 7,7, тогуз сааттан кийин дагы 7,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Эпкини коңшу мамлекеттерге да тийип, жер Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларында да силкинген. Издөө-куткаруу иштерине көмөктөшүү үчүн Кыргызстандан 170 куткаруучу барган. Турак жайсыз калгандар баш калкалап турушу үчүн 120дан ашуун боз үй да жөнөтүлгөн.

Финансы министрлигинин 27-февралда тараткан маалыматына караганда, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 70 млн 837 миң 808,29 сом жана 15 миң 250 рубль түшкөн. Бүгүнкү күндө зилзаладан каза тапкандардын саны 44 миң 370 адамга жетти.

БӨЛТҮРҮК ЖАПАРОВГО КАТ ЖАЗДЫ

“Кумтөрдүн” жана “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингинин мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк президент Садыр Жапаровго абактан кат жолдоду. Кайрылуу Бөлтүрүктүн жактоочусу Кайсын Абакировдун социалдык тармактардагы баракчасына жарыяланды.

Анда ал мамлекет башчысынан алдыга коюлган үмүттөрдү жана милдеттерди актабаганы үчүн кечирим сурай турганын жазган. “Мен үчүн бул турмуштук чоң сабак болду” деген Бөлтурүк өз катында «Кумтөрдүн» жана Улуттук холдингдин иштерин жана кесиптештерин көзөмөлдөгөнгө жалгыз үлгүрбөй калганын айткан.

“20 жылдан ашык «Кумтөрдө» терең жана жакшы уюштурулган коррупция схемаларды толук жойгонго жалгыз алым жетпеди. Бирок, мен өзүм сөз бергендей бул схемаларга аралашкан жокмун, пара алган жокмун. Эгер мен Өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоолдук кылып жатсам, анда тынч эле Канадага кетүүгө даярмын. Эми баары Кудайдын жана сиздин колуңузда, туура чечим кабыл аласыз деп ишенем”, — деп жазган Бөлтүрүк президентке.

Эске салсак, 2022-жылдын август айында Кумтөрдө каржылык мыйзам бузуулар тууралуу белгилүү болгон. Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктү жана аны менен кошо жооптуу эки адис кармалып, тергөө абагына кигизилген. Соттун чечими менен Тенгиз Бөлтүрүк 10-мартка чейин камакта калтырылган.

ҮЧ АДАМДЫН ӨЛҮМҮ: ЖАҢЫ ЖАГДАЙЛАР

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев 5-кичи райондо киши колдуу болгон үй-бүлөнүн окуясы боюнча жаңы жагдайларды айтып берди. Анын айтымында, кошуналар эмерек жылдырылгандай үн, буюмдардын кулаганын, кыйкырыкты укканы менен ага маани берген эмес.

“Үйдүн жашоочулары ызы-чуу туурасында үй комитетинин жетекчисине кеч кабарлашкан. Ал эртеси иштен келгенден кийин камераны кечинде карап, андан соң участкалык милицияга билдирген. Батирдин эшигин ачып, үйдүн ичинен өлүктөрдү табышкан. Шектүүнү саат 04:00дө өз үйүнөн кармашкан. Ал каршылык көрсөткөн эмес», — деп билдирген Ногойбаев.

Эске салсак, 16-февралда 5-кичирайондогу батирлердин биринен аял жана анын 17 жаштагы кызы менен жашы жете элек уулу киши колдуу болгон. Адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, 36 жаштагы жаран шектүү катары кармалган. Маалыматтар боюнча кармалган шектүү УКМКнын 9-кызматнын мурдагы кызматкери, Жогорку Кеңешке депутаттыкка далапкер жана спорт чебери болгон. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга 2 айга камалган.

ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК КАРМАЛДЫ

Издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгүндө (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет мамлекеттин 1990-жылы туулган жараны кармалды.

Кармалган адам Уюшкан кылмыштуу топтун курамында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип, оор кылмыш жасагандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн. Учурда зарыл болгон тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 422