• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Акын-жазуучулар ажого кайрылды. Соодагерлер митингге чыкты

4 Аяк оона 2023 17:56 Бишкек Govori.TV

МАДУМАРОВДУН КАМАЛЫШЫ

Жогорку Кеңештин депутаты, саясатчы Адахан Мадумаровдун «мамлекеттик чыккынчылыкка» айыпталып, жатканы коомчулукта талкуу жаратууда. Саясат талдоочу Эмил Жороев Мадумаровдун камакка алынышын саясий өңүттөгү иш катары баалады.

Кошумчалай кетсек, Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени белгилүү болгон. Биринчи май сотунун чечими менен ошол эле күнү депутат 24-октябга чейин камакка алынган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.

Ал эми саясатчыны Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

АКЫН-ЖАЗУУЧУЛАР АЖОГО КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОШТУ

«РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү, жазуучу Олжобай Шакирдин камалышына байланыштуу коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар жана журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошту.

177 адам койгон кайрылууда публисицт Олжобай Шакирди абактан боштуу талабы жазылган.

«Өнөр алды – кызыл тил” деп кыргыз эли эзелтен сөз кадырын эӊ жакшы билген. Өз оюн ачык айткандарды эл башылар эч качан куугунтуктаган эмес. Жаӊылыш же жалаа кепти жүйө менен, көзгө көрүнөрлүк иши менен эле төгүндөп турган. Олжобай Шакирдин камалышы коомчулукта нааразылыкты күчөтүп жаткандыгы социалдык тармактардагы коомдук пикирлерден ачык байкалууда. Ооба, Олжобайды баатыр көргөзүүдөн алыспыз. Бирок бир чындыкка көз жуумп коюу мүмкүн эмес: ал кылмышкер да, коррупционер да, чыккынчы эмес экендигине кепил боло алабыз»,-деп жазылат кайрылууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Олжобай Шакирди 23-августта кармаган. 24-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 23-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Атайын кызмат Олжобай Шакирге (Эгембердиевге) Кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун 25-августта билдирген.

БЛОГЕР КАРМАЛДЫ

Чүйдө интернет-блогер А.Жумагулова кармалды. Ал Чүй облусунун ИИББ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринен 60 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жумагулова Чүй облусунун Сокулук айылындагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык унаанын жүргөндүгү боюнча видеороликти таркатам деп коркутуп, инспектордон акча талап кылган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголган.

2023-жылдын 30-августунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө блогер А.Жумагулова 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө

СООДАГЕРЛЕР МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ

Бишкектин четиндеги “Жунхай” базарынын соодагерлери кампаларын ачуу талабын коюп, иш ташташканын билдирди. 4-сентябрда нааразылык акцияга чыккан соодагерлердин бири Аиза Рысбекованын билдирген маалыматы боюнча, Мамлекеттик салык кызматынын адистери бир апта мурун товар сактаган ондогон кампаларга мөөр басып кеткен.

“Кампада турган товардын жалпы наркынан 10% салык катары төлөгүлө деп атат. Бирок бул биз үчүн көп чыгым. 30 жылдан бери бизге товарлар кара базардан келет. Анын үстүнө биздин товарларды жакынкы Казакстан жана Орусия гана алат. Ишибиз мурдагыдай жүрүп жаткан жери жок. 10% төлөй албайбыз, кампаларыбызды ачып берсин”, — деди Аиза Рысбекова.

Айрым ишкерлер кампалары эки айдан бери ачылбай турганын, 1 миллион сомдон ашык салык төлөп ачтырышканын айтышты. Чогулгандар Салык кызматынын адистеринин келишин талап кылышууда.

“Дордой”, “Жунхай” базарларынын соодагерлери буга чейин да нааразылык акцияга чыгышкан. Алар патент системасын калтырууну, салыктын наркын көтөрүүнү токтотууну талап кылышкан.

ӨСПҮРҮМ КАЗА БОЛДУ

Токмоктогу компьютердик клубда ойноп жаткан 17 жаштагы өспүрүм каза болду.

Чүй облустук милициядан кабарлашкандай, 1-сентябрь күнү саат 23:30да 17 жаштагы Т.Б. компьютердик клубда ойноп жатып, эс-учун жоготуп койгон. Достору аны ооруканага жеткирип, бирок жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

«Факт каттоого алынды. Баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 422