• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Алдангандар Ак үйдүн алдына чыкты. Жакырчылыкта жашаган элге мал салыгы илинеби?

3 Жетинин айы 2022 17:47 Бишкек Govori.TV

ЭЛДИК КУРУЛТАЙГА ДАЯРДЫК

Элдик курултайды уюштуруу комитети 3-ноябрда жыйынга чогулуп, курултайдын күн тартибин бекитти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, буга чейин жер-жерлерде уюштуруу маселелери, делегат шайлоого байланыштуу бир катар жыйындар болду.  «Курултайдын максаты — президенттин эл менен түз байланышуусу, анда делегаттар менен пикир алмашат. Мурдагыдай даярдалган «дүжүр» делегаттар болбойт»,- деди мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.

Маалыматта курултайда делегаттардын суроолору каттоого алынып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жарыяланары белгиленген.

«Аймактардан шайланып келген 1074 делегаттын суроо-талаптары, сунуштары жерде калбайт. Курултайда берилген сунуштар, каралган маселелердин жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Чечим мамлекеттик бийлик бутактарына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш иретинде жиберилет»,- деп көрсөтүлгөн.

Президент Садыр Жапаров 16-августта «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анда 25-ноябрда Бишкекте биринчи элдик курултай чакырылары жазылган.

ЖУРНАЛИСТ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда журналист, жарандык активист Семетей Талас уулунун баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечими менен Талас уулу тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин үй камагына алынды.

Сот залына алынып келинген Талас уулу журналисттердин суроосуна жооп берип, ал 2021-жылы Фейсбук баракчасынан Ооганстан тууралуу материалды бөлүшкөнүн айткан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист Семетей Талас уулунун кармалышына байланыштуу тараткан маалыматка ылайык, журналистке буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон. Бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталган.

Комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анда социалдык тармактын колдонуучусунун билдирүүсүндө Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган» деген корутунду чыгарылган. Семетей Талас уулу Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына киргизилди, ишти иликтөө уланууда.

Журналист жыл башында УКМКга Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды таратуу” деген беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берген. Сурактан чыккандан кийин «чоң иликтөө жүрүп жаткан ишке байланыштуу күбө катары чакырылганын» айткан.

Ал буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси, камалгандар тууралуу пикирин байма-бай билдирип келген.

АК ҮЙДҮН АЛДЫНДА МИТИНГ

Береке турак жай кооперативине алданып калган жарандар, акчасын кайтарып алууну көздөп митингге чыгышты. Алардын айтымында алгач келишим түзүп жаткан учурда «биздин ишибизди президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев колдоду»,-деп ишендиришкен.

Бүгүнкү күндө үй жана унаа алуу үчүн акча берген жарандар болгону акчасын кайтарып берүүнү талап кылышууда. Жергиликтүү укук коргоо органдарына кайрылуудан майнап чыкпай, бийликке кайрылуу үчүн митингге чыгышкан.

Алдангандардын арыз-муңун уккан депутат Айбек Осмонов өзү көзөмөл жүргүзүүгө убада берди.

МАЛ САЛЫГЫ СУНУШТАЛДЫ

Жогорку Кеңештин 3-ноябрдагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев малга салык киргизүүнү сунуштады, анткени анын пикиринде айылдардын жашоо деңгээли шаардыкынан кем эмес.

Депутат кошумчалагандай мындай ыкма менен жергиликтүү бийликтер жогору жактын акчасын күтпөй өз иштерин кыла беришмек.

Кошумчалай кетсек, Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,5 миллион бодо мал катталган. Кой-эчкинин саны 6 миллионго жеткен, жылкынын саны 467 миң.

Өлкөнүн ички дүң өнүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 15% жакын.

БАҢГИ КЫЛМЫШТАРЫ

2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында баңги кылмыштары боюнча 33 факты аныкталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Эрлан Сманов билдирди.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгында 92 бажы кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылган.  Маалыматка ылайык, Ички текшерүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгы тарабынан 86 кызматтык иликтөө жана 34 кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, төрт прокурордук чара көрүү актысы каралган.

Количество просмотров: 535