• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Аравандагы мушташ үчүн эки талапкер шайлоодон четтеди. Дебатта кызыл чеке болгон партия өкүлдөрү

24 Аяк оона 2020 20:09 Бишкек Govori.TV

ШАЙЛООГО ДАЯРДЫКТАР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ Бүгүн, 23-сентябрда парламенттик шайлоого карата даярдык боюнча маалымат жыйын өттү. Анда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев, ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов жана мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевдер маалымат беришти.


ТАЛАПКЕРЛЕР ТҮЗ ЭФИРДЕ УРУША КЕТТИ
ЭлТР мамлекеттик каналында алдыдагы шайлоого аттанган “Чоң казат”, “Ата-Мекен”, “Афганистан согушунун ардагерлери” партия өкүлдөрүнүн катышуусунда дебат болуп өттү. Анда Сыймык Жапыкеев менен Акбөкөн Таштанбеков эфир учурунда уруша кетти.


АРАВАНДАГЫ МУШТАШКА ШЕКТҮҮЛӨР КАМАККА АЛЫНДЫ
Райондук сот Аравандагы мушташка шектүүлөрдүн бөгөт чарасын 23-сентябрда карап, аларды эки айга тергөө абагына камакка алды.
20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, ондой киши ар кандай жаракат алган.


ЖЭЭНБЕКОВ ОПУМБАЕВ МЕНЕН КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮ
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев менен онлайн кеңешме өткөрдү.


КОРОНАВИРУС КӨБӨЙҮҮДӨ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб эл көп чогулган иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча талапты сактоо жана көзөмөлдөө маселесин көтөрдү. 24-сентябрда ушундай тапшырма жергиликтүү бийликтерге жана тийиштүү мамлекеттик органдарга берилгени расмий кабарланды.
Штабды жетектеген биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков той өткөрүү, эл чогулган иш-чараларды уюштурууда кенебестик мамиле улана берсе, өкмөт мыйзамга ылайык башка чара көрөрүн эскертти.


ИСАКОВ №27 КОЛОНИЯСЫНА КОТОРУЛДУ
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков №8 түзөтүү колониясынан №27 түзөтүү колониясына которулганын 24-сентябрда анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Жактоочу котруунун себебин билберин жана чоо-жайын билиш үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылганын айтат.

Количество просмотров: 632