• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ат-Башыда кайрадан митинг. Текебаев кызын саясатка түртүп жатабы деген суроого жооп берди….

17 Бирдин айы 2020 19:47 Бишкек Govori.TV

АТ-БАШЫДА МИТИНГ ӨТТҮ
Бүгүн, Ат-Башы районунда соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өттү.Чогулгандар өкмөт борбордун курулушу боюнча токтомун жокко чыгарышын талап кылышууда.

БИШКЕКТЕ ЧЕК АРАНЫ ТАЛКУЛООГО АРНАЛГАН ЖЫЙЫН БОЛДУ Бишкекте «Чек ара» коомдук бирикмеси уюштурган тегерек стол өттү. Анда Баткендеги чек арадагы демаркация жана делимитация маселелери, чек ара тилкелериндеги көйгөйлөр, сыяктуу маселелердин тегерегинде сөз жүрүп, аны чечүүнүн жолдору талкууга алынды.

“КЫРК ЧОРО” КЫРГЫЗСТАНДЫ 15 АЙМАККА БӨЛДҮ
“Кырк Чоро” коомдук бирикмеси Кыргызстандын жаңы администрациялык картасын сунушташты. Жаңы картанын сүрөтүн бирикменин төрагасы Замирбек Кочкорбаев “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды.

САРКАРБАЕВ КЫЗМАТТАН ЧЕТТЕТИЛДИ
Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев убактылуу кызматынан четтетилди. Кылыч Саркарбаев териштирүү иштерине байланыштуу арыз жазган.

БЛОГЕР КАМАЛДЫ
Блогер Элмир Сыдыманов («Sydyman») Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

ТЕКЕБАЕВДИН КЫЗЫ САЯСАТКА БАРАБЫ?
«Бир үй-бүлөдөн бир убакта бир эле саясатчы болгону оң», — деп «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кызы Ай-Данэктин Талас облусундагы конференцияга катышуусун «Арыба» сайтына түшүндүрдү.

Количество просмотров: 566