• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күндүн ыргагы: Атамбаев абактан чыкты. Кылмыштуу топтун мүчөсү делген депутат кармалды

14 Бирдин айы 2023 18:21 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВДУН ВЕНГРИЯГА САПАРЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда Будапештте өткөн Венгер-Кыргыз бизнес-форумуна катышты. Иш-чарага Венгриянын экономикалык өнүктүрүү министри, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилери, ошондой эле Кыргызстандын жана Венгриянын туризм жана курулуш, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика, энергетика, өнөр жай өндүрүшү ж.б. тармактарынын өкүлдөрүнөн турган 100гө жакын ири компаниялар катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө экспорттук дараметтин артыкчылыктарынан кийин эки өлкө  мүмкүн болушунча соода, инвестиция жана башка тармактарда экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүсү зарыл экендиген белгиледи. Ошондой эле Жапаров Венгриянын бизнес секторун туризм, энергетика, агро-өнөр жай комплекси жана өнөр жай өндүрүшү жаатындагы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырып өттү.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Венгрияга расмий сапар менен 12-февралда барган. 13-февралда Венгриянын мамлекет башчысы Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, ошондой эле эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшкан.

АТАМБАЕВ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Бүгүн, 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камактан чыкты. Атамбаевди  тарапташтары ал жаза мөөнөтүн өтөп жаткан абактын алдына чогулуп, тосуп алышты.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарганы кабарланды.

13-февралда Атамбаевге карата Жогорку Соттун мурда чыгарган чечимдери жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилгенин аталган органдын басма сөз кызматы билдирди.

Соттук коллегия жаңы ачылган жагдайлар боюнча Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу чечимди жокко чыгарып, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары аны кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыптаган өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко былтыр августта кайрылган.

Эске салсак, Атамбаев 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча камалган. 2020-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, «коррупцияны уюштурууга» айыптуу деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы, 2010-жылкы Июнь окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Ага Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган. Ал 2019-жылдын августунан бери камакта. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. Мурдагы президент өзүнө тагылган бардык айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келет. 

ӨЛКӨДӨ ЖККУ МАШЫГУУСУ ӨТӨТ

Жамааттык коопсуздук боюнча кызматташуу уюмунун «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу Кыргызстанда өтө турган болду. Бул туурасында ЖККУнун бирдиктүү штабы кабарлады.

Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги 2023-жылдагы эл аралык аскер кызматташтыктын алкагында РФтин Куралдуу күчтөрү менен башка мамлекеттердин улуттук армияларынын кургактагы жоокерлеринин машыгуусу өтөрүн билдирген. Андан улам Арменияда ЖКККУнун тынчтык орнотуучулар контингентинин «Бузулбас боордоштук» деп аталган окуусу өтөрү пландалган.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян маалымат жыйында Армениянын аймагында быйыл ЖКККУнун машыгууларын өткөрүү максатка туура келбей тургандыгын айткан.

ТҮРКИЯДА КАЗА БОЛГОН КЫРГЫЗСТАНДЫКТЫН СӨӨГҮ КЕЛДИ

14-февралда Түркиядагы жер титирөөдө урандылардын астында калып, каза болгон кыргызстандык мекенине алып келинди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, сөөк Жалал-Абад облусуна жерге берүү үчүн туугандарына өткөрүлүп берилген.

Белгиленгендей, министрлик Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелери менен биргеликте табигый кырсыктын кесепетинен каза болгон Кыргызстандын жаранынын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыккан.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Хатай шаарында урандылардын астында Кыргыз Республикасынын жараны каза болгондугун жазып чыгышкан. 1986-жылы туулган. Кийинчерээк КР ТИМи кыргызстандык аялдын каза болгонун тастыктаган. Маркумдун өздүгү жакындары тарабынан аныкталган.

Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан өлгөндөрдүн саны 37 миңден ашты. Расмий маалыматтарга ылайык, Түркияда жер титирөөдөн каза болгондор 30 миң кишиден ашса, коңшу Сирияда болжол менен 6 миң киши көз жумган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Финансы министрлиги бүгүн, 14-февралда саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 13 млн. 962 603.7 сом жана 12 550 рубл түшкөнүн маалымдады. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн аталган министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Андан сырткары Кыргызстанда өз алдынча жардам чогулткандар болууда.

АБАКТАГЫ АКТИВИСТ ООРУКАНАГА ЖАТТЫ

Камактагы активист Перизат Суранованы ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу укук коргоо Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында Суранованы Чуй облустук ооруканага жаткырганы алып кетишти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-февралда Бишкектин Биринчи май сотунда Кемпир-Абад иши боюнча жапырт кармалган активист, саясатчы жана блогерлердердин баш коргоо чарасы карала турганы кабарланган. Бирок так убактысы жана кимдин иштери карала турагын кабарланган эмес.

Эске салсак, өткөн жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга өтүп жатышына нааразычылыгын билдирген саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер камакка алынган.  Биринчи Май райондук сотунун аларды 20-февралга чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

ИИМ аларга «Массалык башаламандыкка даярдык көрүү» деген негизде иш козголгонун, алардын кармалышы мыйзамдуу деп табылганын билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Ал эми иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон.

ЖАЛАЛ-АБАДДА ДЕПУТАТ КАРМАЛДЫ

Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт. Маалыматка ылайык, 8-февраль күнү Кылмыш-жаза кодексинин Опузалап пара талап кылуу беренеси боюнча жергиликтүү кеңештин депутаты, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын тургуну кармалган.

«Шектүү физикалык күч колдонуу коркутуу жолу менен жергиликтүү тургундардан системалуу түрдө акча жана башка материалдык баалуулуктарды талап кылып келген. Кармалган жаран рейдерлик жол менен райондун аймагындагы айыл чарба жана балык чарбачылыгына убада кылган жер тилкелерин өзүнүн ишенимдүү адамдарына кайра мажбурлап каттатып, кийин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жолу менен басып алганы аныкталган. Мурда ал ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу кылмыш жообуна тартылып, 2021-жылдан бери ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 555