• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Атамбаев кесилди. 10 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт

14 Баш оона 2020 18:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 14-августка карата коронавирус жуккан жаңы 304 учур катталып, акыркы сутка ичинде 4 бейтап каза болду. Ошол эле учурда ооруканалардан бир күндө 304 жаран айыгып чыкты. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 41 миң 373тү түзөт. Алардын ичинен 33 миң 622 киши айыгып чыкса, 1 миң 491 адам каза болду.

“СЕМЕТЕЙ” ГОСПИТАЛЫ ЖАБЫЛДЫ

«Ганси» базасында ачылган «Семетей» госпиталынан акыркы бейтаптар чыгарылып, ал жер жабылды. Штабдан билдиришкендей, “Семетей” госпиталынан коронавирус менен ооруган акыркы 8 бейтап сакайып чыккан. Жалпысынан стационар 47 күн иштеген. Ал аралыкта стационарда 1 миң 500 бейтап, анын ичинен 300гө жакыны реанимацияда дарыланган.

БАТУКАЕВДИН ИШИ: ШААРДЫК СОТ ӨКҮМ ЧЫГАРДЫ

Бүгүн, 14-августта Бишкек шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталгандарга Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Сот биринчи инстанциядагы өкүмдү күчүндө калтырды. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Жазык кодексиндеги коррупция уюштуруу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл 2 айга кесилип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. Ал эми мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айып салынды.

БИШКЕКТЕ ИНИСИ АГАСЫН АЕОСУЗ САБАДЫ

Бишкекте агасын сабоого шектелип иниси кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Кайгуул кызматынан кабарлагандай, 13-августк күнү болжол менен саат 18:40та 102 кызматына Кайыңды конушунда белгисиз бир адам бир жаранды сабап жатат деген маалымат түшкөн. Кайгуул кызматынын кызматкерлери окуя жерине келгенде 50 жаштагы Т.М. аттуу жаран себепсиз сабап, качып кеткен инисине карата чара көрүүнү суранган.
Сабоого шектелип 34 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалып, Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

ПАКИСТАНДЫКТАРДЫ САБАГАНДАРДЫН ИШИ СОТКО ӨТТҮ

Пакистандын жарандарын сабаган шектүүлөрдүн иши Аламүдүн райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Маалыматты Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
19-июль күнү болжол менен саат 23:00 чамаларында Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Пакистандык 1998-жылы туулган Ш.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шектүүлөр колго түшүп, бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси 2-бөлүмү (бейбаштык) боюнча катталган эле.

10 МИҢ АБОНЕНТТИН ЖАРЫГЫ ӨЧҮРҮЛӨТ

“Түндүкэлектр” ишканасы 17-18-августта карызы бар 10 миң абоненттин жарыгын өчүрүүгө ниеттенүүдө.
Маалыматка ылайык, электр кубатын өчүрүү аралыктан жүзөгө ашат. Компания 26-марттан тартып өкмөттүн сунушу менен карызы бар абоненттерди өчүрүүнү үч айга токтоткон. Бирок учурда почта бөлүмдөрүнүн баары штаттык режимде иштеп жаткандыктан, «Түндүкэлектр» мурдагы иш ыргагын калыбына келтирет.

ТУРИЗМ ДЕПАРТАМЕНТИНИН ЖЕТЕКЧИСИ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу кызматынан өз каалоосу менен кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Ал Туризм департаментинде эки жылдай иштегенин жана бул аралыкта бир нече иштер аткарылганын белгилеп, министр Азамат Жаманкулов башында турган командага ыраазычылыгын билдирген. Белгилей кетсек, Максат Дамируулу уулу аталган квзматкп 2018-жылдын 20-ноябрында дайындалган.

Количество просмотров: 1236