• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Атамбаев сотторду сөктү. Кысым депутаттарга да жетти…

2 Бештин айы 2022 19:26 Бишкек Govori.TV

ДЕПУТАТТАРГА БОЛГОН КЫСЫМ

Парламентте акыркы эки аптадан бери депутаттар тарабынан бийликке, укук коргоо органдарына айтылган нааразы пикирлердин аягы суюла элек. Депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов прокуратура органдарында коррупция бар экенин айткандан кийин сурак берип чыгышты. Атазов мындай кадамды мыйзамсыз деп эсептейт.

ТОКТОРБАЕВ ИИМГЕ ЧАКЫРТЫЛДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратуранын сурагынан кийин өзүн Ички иштер министрлиги да суракка чакырып жатканын кабарлады. Ал бул маалыматты бүгүн, 2-декабрда «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында айтты.
Депутат бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-2025-жылдарга бюджетин карап жаткан учурда айтты.

Депутаттар Жеңишбек Токторбаев жана Шайлообек Атазов 30-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда прокуратуранын дарегине сын айткан. Токторбаев Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугу берилгенден бери монстрга айланганын билдирген. Эки депутат тең ушул эле күнү Башкы прокуратурада үч сааттай сурак берип чыккан.

АТАМБАЕВ СОТКО ЖЕТКИРИЛДИ

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Сот отурумуна мурунку президент Алмазбек Атамбаев конвойлордун коштоосунда алып келинди. Бирок, көп өтпөй Алмазбек Атамбаев сот отурумунан чыгарылды.

Алмазбек Атамбаев сотко мажбурлап алып келүү боюнча чечимди уккандан кийин өзү келгенин билдирди.

Кийинки отурум 5-декабарга жылдырылды.  

Эске салсак, 2019-жылы 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күч менен алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган. Эртеси 8-августта Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Белгилей кетсек, Атамбаевге Кой-Таш, Октябрь окуялары жана мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун модернизациялоо, бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз берүү деген айыптар тагылган. Атамбаев өзү жана тарапташтары коюлган кинелерди саясий куугунтук деп баалап келет.

ЭРКЕК КИШИНИ АТЫП КЕТИШТИ

Кара-Балтада 48 жаштагы эркек кишини башка атып кетишти. Маалыматты Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-декабрда болжол менен саат 07:48де Кара-Балта шаарындагы «Батыш» кварталында башына ок жеген белгисиз адамдын сөөгү табылган. Маркумдун өздүгү такталган, ал 1973-жылы туулган Х.И. аттуу жаран болуп чыккан.

Аталган факт Жайыл райондук милициясында «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча каттоого алынган. Учурда окуяга тиешеси бар шектүүлөрдү издөө иш-чарасы жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда иш боюнча баардык керектүү экспертизалар дайындалып, кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам-иликтөө иш чаралары жүргүзүлүдө. Учурда тергөө амалдары улантылууда

АҢЧЫНЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы “Кичи-Тоо” тоосунан изделип жаткан З.Д. аттуу аңчынын жансыз денеси табылды.

Маалыматка ылайык, 50 жаштагы жарандын сөөгү атайын альпинисттик шаймандардын жардамы менен тоодон түшүрүлдү.

Эске салсак 27-ноябрь күнү 1961-ж.т. Александр Браун жана 1972-ж.т. Забунов Дмитрий аттуу 2 эркек киши «Кичи-Тоо» тоосуна аңчылыкка чыгышкан. Ошол эле күнү З.Д. аттуу жаран тоодо текенин артынан кеткен бойдон азыркы учурга чейин дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына келип түшкөн.

Количество просмотров: 981