• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: «Азаттыктын» соту улам жылдырылууда. Жаш кыздын жансыз денеси табылды

6 Жалган куран 2023 17:52 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ИНДИЯГА БАРАТ

Быйыл май-июнь айларында президент Садыр Жапаров Индияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн эксперти Улукбек Бактыгулов билдирди.

«Жумушчу сапар май-июнь айларында болот. 200 миллион доллар инвестиция тартуу пландалып жатат», — деди ал.

Буга чейин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында президент Пакистанга барат деп жарыяланган.

АЗАТТЫКТЫН СОТУ ЖЫЛДЫ

6-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесин маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу арызы боюнча Бишкектин Ленин райондук сотундагы отурумда 17-мартка чейин тыныгуу жарыяланды.

Буга министрлик “Азаттыктын” каттоо документтерин Юстиция министрлигинен тактоо керектигин билдирип, судья өтүнүчтү канааттандырганы негиз болду. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы 23-январда маалым болгон.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы — “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеп жатат.

Иш 9-февралда Ленин райондук сотунда карала баштаган.

ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАБЫРКАГАНДАРГА ЖАРДАМ…

Бүгүн, 6-март саат 12:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 94 млн 532 миң 311,55 сом жана 15 миң 250 рубль түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсепке сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди. Жер силкинүү 20-февралда Түркиянын Хатай провинциясынын Сирия менен жектешкен аймагында да катталган.

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 45 миң 968 адамга жетти. Түркиянын тышкы иштер министри Сулейман Сойлунун маалыматына ылайык, биринчи жер титирөөдөн бери 13 миңден ашуун жолу жер силкинген. Жалпысынан 26 миң 300 имарат ураган.

КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨГҮ МАЙРАМДЫК МААНАЙ

Бишкек шаарындагы Абай көчөсүндөгү карыялар үйүндө 8-март эл аралык аялдардын күнүнө карата апаларды куттуктоо менен биргеликте майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Сынакка катышкан 10 карыя талап боюнча өздөрүнүн өнөрүн тартуулашты. Жакындары камкордук кылуудан баш тарткан апалардын көңүлүн көтөрүү максатында атайын сынак уюштурулуп, белектерди тапшырууну жетекчилик колго алган.

ЫМЫРКАЙДЫН КОЛУ КЕСИЛГЕН ОКУЯ ИЛИКТЕНЕТ

Колу кесилген ымыркайдын окуясы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

«Аталган маселе боюнча КР Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бул маселе министрдин көзөмөлүндө. Жыйынтыгында кошумча маалымат берилет»,-деп билдиришти министрликтен.

Буга чейин социалдык тармактарда Токтогулдук дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан жаңы төрөлгөн ымыркай колунан ажырады деген маалыматтар тараган.

ЖАШ КЫЗДЫН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИ ТАБЫЛДЫ

Чүй облусунун Кемин районунда 1 ай мурун дайынсыз жоголгон 24 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды.

 Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиргендей, Кеминде жергиликтүү тургундар 3-мартта шаардын чыгыш тарабындагы тоодон кыздын сөөгүн табышкан.

Жерине тергөө-ыкчам тобу барып, маркумдун өздүгүн такташкан. Ал 2023-жылдын 6-февралында дайынсыз жоголгон 1999-жылы туулган кыз болгон. Сөөктөн күч колдонуу белгилери табылган эмес.

Аталган факт боюнча материалдар Кемин райондук милициясында катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

КАЛАЙМАН МУШТАШТЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Бишкекте калайман мушташ уюштургандар изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 5-мартка караган түнү болгон. Бишкектин Абдырахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Бирок милиция окуя болгон жерге барганда эч ким аныкталган эмес.

Факт райондук милицияда каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү башталып, шектүүлөрдү аныктоо иши жүрүп жататканы кошумчаланды.

Количество просмотров: 277