• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ажо «Кемпир-Абад” талкууланган жыйынга барат. Баткенге деген акчалардын дайыны суроо жаратты

16 Жетинин айы 2022 19:10 Бишкек Govori.TV

“КЕМПИР-АБАД” КЕЛИШИМИ

Бүгүн, 16-ноябрдагы парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимдин долбоорун кечээ караган Эл аралык комитеттин жыйынынын легитимдүүлүгү боюнча төрага Нурлан Шакиевдин жеке позициясын билдирип коюусун суранды.

Анын айтымында, Конституцияда жана регламентте кандай жазылса, эреже ошондой болушу керек.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаеванын айтымында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйыныда чыгарылган чечимдин мыйзамдуулугу суроо жаратат.

НАРМАТОВА КАМАКТА КАЛДЫ

Бүгүн, 16-ноябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасы каралып жатат.

Отурумду видеого тартууга уруксат берилген жок, мындан улам жактоочу Гуляна Убалиева соттун курамына ишенбөөчүлүк көрсөттү. Соттук курам жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок. Ал эми Нарматова коюлуп жаткан айыпты «абсурд» деп атады.

ЧЕК АРАДАГЫ ҮЙЛӨРДҮН КУРУЛУШУ

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жанар Акаев менен Камила Талиева министрлер кабинетинен Баткен облусунда талкаланган үйлөрдү куруу иштерин тездетүүнү талап кылышты.

Жанар Акаевдин айтымында, министрлер кабинети бул убакыттын ичинде бир дагы үйдү бүтүрө алган жок.

Депутат Камила Талиева Чүй облусуна жана Бишкекке эвакуацияланган Баткен шаарынын тургундары жакырчылыкта жашап жатканын белгиледи. Ал Баткенди калыбына келтирүүгө бөлүнгөн 3 миллиард сом боюнча отчет талап кылды.

БАТКЕНДЕ АЙЫЛДАРДЫН АТЫ ӨЗГӨРДҮ

Баткен облусунда үч айыл аймактын жана 10 айылдын аталышы өзгөртүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.  Маалыматка караганда, Баткендеги 13 айылдын аталышын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл 20-октябрда кабыл алган. Айыл аймактардын аталышын алмаштыруу боюнча чечимдер ошол айылдардын тургундарынын чогулуштарында кабыл алынып, жергиликтүү бийликтин чечимдери менен бекемделген, андан кийин Жогорку Кеңеш бекиткен. Президент кол койгон мыйзамга ылайык, Марказ айыл аймагы Айрыбаз, Халмион айыл аймагы Исхак-Полотхан, Маргун айыл аймагы Кең-Талаа айыл аймагы деп өзгөртүлдү.

КҮЙҮҮЧҮ МАЙ АРЗАНДАЙБЫ?

Жыл аягына чейин күйүүчү-майлоочу майга болгон баа дагы төмөндөшү мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, баанын төмөндөшү декабрь айына жакын байкалат.

Количество просмотров: 522