• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Балага апасынын атын берүү коомду бөлдү. Чычкан аралаган кафе жабылды

3 Теке 2023 18:08 Бишкек Govori.TV

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ “МАТЧЕСТВО” ТУУРАЛУУ ҮН КАТТЫ

Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы боюнча чечим чыгарды.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылды.

Мыйзамга ылайык, ысымдар кыргыздын улуттук каада-салты, ошондой эле советтик система боюнча ыйгарылат: өз аты, фамилиясы жана атасынын аты. Кыргыздын улуттук каада-салты менен “уулу, кызы, тегин” деген жазуу менен ат коюу өзгөрүүсүз калат. Конституциялык сот жарандык активист Алтын Капалованын бала төрөлөрү менен энесинин атын фамилия кылып берүү боюнча өтүнүчүн канааттандырган жок. Мекеме бала атасынын же энесинин атын алууну 18 жашка чыккандан кийин гана өзү чечиши керектигин белгилеген. Конституциялык соттун чечими акыркы жана ал даттанууга жатпайт.

Конституциялык сот бул маселени жарандык активист Алтын Капалованын арызынын негизинде караган. Ал бала 16 жашка (Конституциялык сот 18 жаш деп билдирди) чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укук алганын жазган.

Конституциялык сот бул маселеде укуктук боштук бар экенин белгилеп, Министрлер кабинетине тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берди.

Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын жаздырган. Бул учурда коомчулукта бир катар сын-кептердин жаралуусуна алып келип, коомчулукту эки жээкке бөлдү.

АКЧАЛАЙ ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ СОМ МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮҮ

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документ парламенттин сайтына жарыяланды.

Долбоорго ылайык, улуттук банкнотторду чет өлкөлөрдө басып чыгарууга тыюу салынат. Азыр мындай тыюу жок жана улуттук валюта Франция менен Улуу Британияда басылып чыгат. Мурдараак президент Садыр Жапаров жакын арада Кыргызстан «Учкун» мамлекеттик басмаканасынын базасында банкнотторду өз алдынча басып чыгара баштарын билдирген.

Долбоордо «сомдун» макамын күчөтүү, өлкө ичинде сооданы улуттук акча бирдиги менен гана жүргүзүү, ал эми экспорт жана импорт менен алектенген экономикалык субъектилерге чет өлкөлүк валюталарды колдонууга уруксат берүү каралган.

Кыргыз бийлиги 2016-жылы каржы системасын де-долларизациялоо багытын жарыялаган. Ал кезде өлкөдө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү милдеттүү түрдө улуттук валюта – сом менен гана жүргүзүү жөнүндө мыйзам кабыл алынып, буга чейин товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын чет элдик валютада көрсөтүүгө тыюу салынган. Бирок жеке бизнес чөйрөсүндө эсептешүүлөр дагы деле сом менен да, доллар жана евро менен да жүргүзүлүп келет.

НАРЫН ДАРЫЯГА ТҮШҮП КЕТКЕН АДАМ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Экскаватор менен Нарын дарыясына түшүп кеткен адам изделүүдө. Буул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-июнда саат 15:22 чамасында Куланак айылындагы Куланак насостук станциясынын башкы курулмасындагы суу бөлүштүргүчтө иш жүрүгүзүпп жаткан 68 жаштагы Ө. Ү. аттуу айдоочу экскаватору менен Нарын дарыясына кулап кеткен.

Жерине 5 куткаруучу, 3 милиция кызматкери, суу чарба башкармалыгынан 12 кызматкер тартылган. Түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери токтотулуп, бүгүн кайрадан таң эрте иш жанданды. Учурда жеринде ӨКМден 19 куткаруучу, суу чарба башкармалыгынан 25, ички иштер башкармалыгынан 5 кызматкер жана жалпы 10 инженердик техника иш алып барууда. Издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.

«РАХАТ ЛУКУМ» ЖАБЫЛДЫ

Тамак-ашты чычкан аралап жүрөт делген «Рахат лукум» кафеси санитардык эреже бузууларга байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кафе санитардык эреже бузуулар жоюлмайынча ачылбайт.

Кошумчалангандай, «Калктын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызмат тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоо максатында мекемени жабууга укуктуу.

ОШТО КЫЛМЫШТУУ ТОП КАРМАЛДЫ

Ош облусунун тургунунан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. 1996-жана 1995-жылы туулган жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө акча төлөп турууну талап кылышканы аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы жарандар кармалган. Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 134