• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Күндүн ыргагы: Балдары аттестат албай калган ата-энелер министрликке нааразы. Жапаров Аравияга барат

17 Теке 2023 18:04 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ САУД АРАВИЯГА БАРАТ

Президент Садыр Жапаров 18-20-июлда Сауд Аравиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен “Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышуу үчүн Сауд Аравия Падышалыгына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Аталган иш-чаранын алкагында өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалган.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул региондордун тарыхында мамлекет башчыларынын ушул форматтагы биринчи Саммити», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

ПРЕЗИДЕНТ ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАРДЫ ТАПШЫРДЫ

Президент Садыр Жапаров 17-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол курууга керектүү техника тапшырды. Анын басма сөз кызматынын билдиришинче, 265 даана техника мамлекеттин эсебинен сатылып алынды. Ага ылайык, аны алууга жалпысынан 5 миллиард сом бөлүнгөн жана 2026-жылга чейин баш-аягы 700 техника алынат.

Садыр Жапаров иш-чаранын жүрүшүндө жолчуларды өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана ак ниет иштөөгө чакырды.

Өткөн айда аталган министрликке 80ден ашык жаңы техника тапшырылган. Быйыл өлкөдө 855 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландаштырылганы айтылган.

КУРУЛУШ КОМПАНИЯ МЕНЕН ҮЛҮШЧҮЛӨРДҮН ЧЫРЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов «Эмаком» курулуш компаниясындагы батирлерин ала албай жаткан үлүшчүлөргө жооп берди.

Жусупов Инстаграмдагы баракчасында курулуш компаниясын башкаларга өткөрүп бергенин, үлүшчүлөрдүн алданып калганына тиешеси жок экенин билдирди.

“Тилекке каршы депутат болуп шайлангандан кийин чарбалык, каржылык, курулуш иштерин толук кандуу, юридикалык жол менен өткөзүп бергем. Мен тапшырып берген адамдардын көбү жарандарыбыздын укуктарын бузуп, үйлөрдү сатып, каражаттарын коротуп, өз кызыкчылыктарына пайдаланып кетиптир”.

Жусупов учурда бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, кылмыш иши козголгонун жазды.

14-июлда Бишкекте “Эмаком” курулуш компаниясынан эки жылдан бери батир ала албай жаткан бир нече киши маалымат жыйын өткөргөн. Алар аталган үйү бүтпөгөн миңден ашык адам бар экенин айтып чыгышкан.

УЛУТ АРАЛЫК КАСТЫКТЫ КОЗУТУУГА ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук комитети Бишкек шаарынын бир тургуну улут аралык кастыкты козутууга шек саналып кармалганын билдирди. Анда Фейсбукта шектүу жаран «чагымчыл аккаунт ачканы аныкталды, ал жарандар арасында кастыкты козуткан материалдарды такай жарыялап турган»,- деп жазылган.

«Шектүү мурда да бир нече жолу улут аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасап, сот аркылуу беш суткага административдик камакка алынган. Бирок ага карабай мыйзамсыз ишин уланткан. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, анын басылмаларында улут аралык кастыктын, жарандардын улуту боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун белгилери бар экени такталды»,-деп жазылган маалыматта.

УКМКнын билдиришинче, буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүн («раса, этнос, улут жана дин аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча кылмыш иши козголду жана шектүү атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Атайын кызмат бул берене менен буга чейин да бир канча кылмыш ишин козгогон. Эскперттердин айтымында акыркы үч жылда мындай берене менен козголгон кылмыш иштери көбөйгөн. Айып коюлгандардын арасында жарандык активисттер, блогерлер жана журналисттер да болгон.

АТА-ЭНЕЛЕР АЖОГО КАЙРЫЛДЫ

Бүгүн, 17-июлда “Ай Кью” мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери Өкмөт үйүнүн алдына чогулушту. Алар президент Садыр Жапаровго, Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жолдоп, аттестат маселесин чечип берүүнү талап кылышууда.

Окуучулардын биринин апасы Айгүл Жанышбаева министрлик менен менчик мектептин чырынын айынан окуучуларга кыйын болуп жатканын айтты.

14-июлда Билим берүү жана илим министрлиги маалымат жыйын куруп, “Ай Кью” мектеби боюнча маалымат берген. Министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева мектеп лицензиясы жок болгонуна карабастан 84 окуучуну сырттан окутканын билдирген.
Ашимбаева аталган 84 окуучунун мамлекеттик мектептерде 11-классты мыйзамдуу окуп бүтүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүк берилерин кошумчалган.

Количество просмотров: 167