ПРОКУРАТУРАНЫН ИШИН ИЛИКТӨӨ СУНУШТАЛДЫ
Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жалпы жыйыны өттү. Депутат Токторбаев Башкы прокуратуранын депутаттарга мамилесин териштирүү үчүн комиссия түзүү сунуштады. Жеңишбек Токторбаев прокуратуранын ишин сынга алган күнү аны жана депутат Шайлообек Атазовду эки тергөөчү суракка алып кеткенин айтып, мында Баш мыйзам бузулуп, депутаттарга кысым болуп жатканын кошумчалады.
Ал депутаттык комиссия окуяны иликтеп, укуктук баа бериши керек деп эсептейт.
Бирок депутаттын сунушуна төрага Нурланбек Шакиев комментарий берип, алгач депутаттын статусу жөнүндө конституциялык мыйзамды кабыл алуу керек экенидигин айтты. Ал кошумчалагандай, депутаттык комиссия түзүлгөнү менен жыйынтык болбой чыкпай жатат.
Эске салсак, Депутат Шайлообек Атазов 30-ноябрдагы жыйында “каржы пирамидаларынын” көз боёмочулугу тууралуу маселе көтөрүп, алдамчы топторду “прокуратура жана милиция органдары калкалап” жатканын айткан. Анын сөзүн кызматташы Жеңишбек Токторбаев да колдоп, Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугу берилгенден бери монстрга айланганын билдирген. Бул маселени Жогорку Кеңеште талкуулап, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо сунушун берген.
Кошумчалай кетсек, 6-декабрда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылганы маалым болгон. Өтүнүч иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу келтирилгени маалымдалды.
МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗДЫ ЖАБУУ…
Быйыл жыл башынан бери Кыргызстан мамлекеттик карызын жабууга республикалык бюджеттен 30 миллиард сомдон ашуун каражат бөлгөнүн 7-декабрда Каржы министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, анын 10 миллиарды ички карызга, 20,6 миллиард сому тышкы карызга кетти. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызынын жалпы суммасы 434,4 миллиард сомду түзүүдө. Доллар менен эсептегенде бул 5,2 миллион доллар. Тышкы карыздын 42,2% же, акчалай эсептегенде, 1,8 миллиард доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынган.
ПРЕЗИДЕНТТИК АДМИНИСТРАЦИЯНЫ КАРЖЫЛОО
Быйыл бюджеттин тартыштыгы 35 миллиард сомго жетти. Бул көрсөткүч буга чейинки менен салыштырганда алда канча жогору. Социалдык тармактын колдонуучулары Президенттин аппаратынын «башка чыгашаларына» сарпталган каражат 19 пайызга жогорулаганын сынга алган.
КАСЫМБЕКОВ КЫЗМАТТАН КЕТТИ
Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Анын эмне себептен кызматтан кеткени айтылган жок.
Касымбеков бул кызматка быйыл 4-июнда дайындалып, ага министрдин милдетин аткаруу да жүктөлгөн.
4-июнда ошол кездеги министр Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев президенттин чечими менен ээлеген кызматтарынан “тергөө мезгилине байланыштуу” деген негизде убактылуу четтетилишкен. Кийин Бейшеналиев жумуштан алынып, ага каршы козголгон кылмыш иштери кыскарган.
Министрликке жаңы жетекчи болуп 23-августта Гүлнара Баатырова дайындалган.
БАКИЕВДИН ҮЙҮНҮН ОРДУНА КУРУЛГАН БОРБОР
Бишкектин Жибек Жолу проспектинде жайгашкан мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык делген имараттын ордуна ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борбору курулду. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдиргендей, жакында борбордун ачылыш аземи өтөт