• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Бейөкмөт уюмдарын беймаза кылган мыйзам. Абактан чыккан Бекназаров кызматын тапшырды

14 Жетинин айы 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРДЫН ИШИН ТЕСКЕГЕН МЫЙЗАМ

Президенттик администрация бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Демилгечилер жаңы мыйзам долбоору «мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын бейөкмөт уюмдардын уставдык эмес жана мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн коргоо үчүн бекем укуктук базаны түзүп, өлкөдө жарандык коомдун өнүгүшүнө жаңы сапат берет» деп жазышкан. Ошондой эле мындан ары бейөкмөт уюмдар Юстиция министрлигиндеги атайын реестрге катталгандан кийин гана ишмердүүлүк жүргүзө алат. Уюмдарды Башкы прокуратура менен Юстиция министрлиги толугу менен көзөмөлгө алышат.

БӨЛТҮРҮК КАМАКТА КАЛДЫ

«Kумтөр Голд Компани» ишканасындагы коррупцияга байланыштуу кармалган «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы каралып, камактагы мөөнөтү узартылды. Октябрь райондук сотунун чечими менен Теңгиз Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-январына чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта калтырылды.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кумтөрдөгү коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилген. Теңгиз Бөлтүрүк бул ишке байланыштуу 13-сентябрда кармалган.

БЕКНАЗАРОВ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Бишкек мэриясынын Свердлов административдик округу боюнча муниципалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары Руслан Бекназаров кызматтын тапшырып берди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасы аркылуу билдирип, кызматтан өз каалоосу менен кетип жаткандыгын айтты. Саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров 2-нобярда үй камагына чыгарылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин «экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча айыпталып, 14-сентябрда камакка алынган.
Эске салсак, Бекназаров Бишкек мэриясынын Свердлов административдик округу боюнча муниципалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын 2022-жылдын июнь айынан бери аркалап келген.

19 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫН ӨЛҮМҮ

Ноокен районунда 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шек саналып, 58 жаштагы жаран кармалды.Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашкандай, 8-ноябрда саат 9:30да Ноокен районунда суу аккан сайдан киши колдуу болгон кыздын сөөгү табылган. Райондук милиция бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгоп, экспертиза дайындалган.
Шектүү катары Сузак районунун 1964-жылы туулган тургуну О.А. кармалган. Ал буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгону, 2021-жылы баңгизатка байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы маалым болду. Тергөө учурунда шектүү кылмыш жасаганын айтып, окуя кандай болгонун жеринен көрсөтүп бергени да айтылат. Мындан сырткары анын “Тойота-Королла” үлгүсүндөгү унаасынан 2-3 граммдык баңгизатка окшош зат табылып, экспертизага жөнөтүлдү. 12-ноябрда шектүү Ноокен милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

АЭРОПОРТ ЖОЛУНДАГЫ КЫРСЫК

Чүй облусунда “Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо кырсык орун алып, унаанын айдоочусу аман калган. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, күн мурун, 13-ноябрда саат 08:00дө Honda Fit унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жолду экиге бөлүп турган тосмону сүзгөн. Унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү ар кандай жарааттар менен ооруканага жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүруп жатат. ИИМдин маалымдашынча, 2021-жылдан 2022-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргызстанда 11 722 жол кырсыгы катталган. Андан 1 247 адам мерт болгон.

Количество просмотров: 333