• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Бейшеналиевдин кылмыш иштери токтотулду. Прокурор активистке 5 жыл сурады

1 Жетинин айы 2022 18:09 Бишкек Govori.TV

ШЕЙХТИН ЫСЫМЫ МӨҢГҮГӨ БЕРИЛДИ

Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө «шейх Заед бин Султан Аль Нахайян» географиялык аталышы ыйгарылды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Бул маалыматты КР президенти Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын президенти, шейх Мухаммед бин Аль Нахайян менен жолугушуусу учурунда айткан. Мамлекет башчысы Мухаммед бин Заед Аль Нахайянга географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө сертификат менен аталган мөңгү чагылдырылган картинаны тапшырды.

Чечим кыргыз-эмират достугунун чыңдалышын белгилөө, шейх бин Заед Аль Нахайяндын Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жолго коюуга жана өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымын эске алуу менен кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары 30-октябрда башталган.Сапардын алкагында бир нече документтерге кол коюлганы расмий кабарланды. Эки өлкөнүн дипломатиялык паспорт ээлерин виза талаптарынан бошотуу тууралуу меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралган. Мындан тышкары эки өлкөнүн Коопсуздук кызматтары, Жаратылышты коргоо, Финансы, Дин иштери боюнча министрликтеринин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюлду.

ЧИНОВНИКТЕР ОТЧЕТ БЕРИП ТУРАТ

 Кыргызстанда министрликтердин, административдик түзүмдөрдүн жана башка аткаруу органдарынын жетекчилери чет өлкөгө бара турган иш сапарлар тууралуу министрлер кабинетинин төрагасына кабарлап, аны менен макулдашууга милдеттендирилди.

«КР министрлер кабинетинин регламенти жөнүндө» токтомуна мындай толуктоолорду Акылбек Жапаров киргизген.

Ага ылайык, иш сапарга барып келгендер эки апта ичинде ТИМге жана президенттик администрацияга отчёт бериши керек.

«Министрликтердин, административдик түзүмдөрдүн, башка аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, алардын орун басарлары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жана алардын орун басарлары иш сапардан келгенден кийинки 14 күн ичинде анын жыйынтыгы боюнча ТИМге отчётун (көчүрмөсүн президенттик администрацияга) бериши керек», — деп жазылат токтомдо.

Мындай өзгөрүүлөр аткаминерлердин иш сапарларын иреттөө, эмгек жана каражат тартиптерин бекемдөө үчүн киргизилгени айтылды.

АКТИВИСТТИН СОТУ

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин иши каралды. Анда судья кийинки сот процесси 11-ноябрда болорун, айыпталуучуга акыркы сөз берилип, өкүм чыгарын билдирди.

Бүгүнкү сот жараянында мамлекеттик айыптоочу лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, активисттин билдирүлөрүндө «мыйзамдын талаптарына баш ийбөөгө чакыруу, калайман нааразылык акцияларына чыгууга үндөөнүн белгилери бар» экенин айтты. Ал жеңилдетүүчү жана башка жагдайларды эске алуу менен блогерди беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтирди. Балтабай жана анын адвокаты социалдык тармактарда чакырык жасаганы тууралуу дооматтарды четке какты. Жактоочусу активисттин аракетинде кылмыштын курамы жоктугун, мындан улам ал акталышы керектигин белгиледи.

Адилет Балтабай быйыл 30-июнда Ички иштер министрлигине суракка чакырылып, кийин камалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Жапырт башаламандык”) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган.

ЖУРНАЛИСТТИ МИЛИЦИЯ АЛЫП КЕТТИ

Жарандык активист Семетей Талас уулун Ички иштер министрлигинин кызматкерлери алып кетишкен. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады. Анын айтымында, ага Ички иштер министрлигинин кызматкерлери келип, эч кандай түшүндүрмөсүз Тергөө башкармалыгына алып кетишкен.

Ички иштер министрлиги бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Эске салсак, 18-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн кармап кетишкен. Кийин УКМКга күбө катары алып барылганы, ага экстремизмдин элементтери бар билдирүүнү социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөнү себеп болгону айтылган. Журналист Кылмыш-жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды таратуу» деген берененин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берген.

МИНИСТРДИН ИШИ ТОКТОТУЛДУ

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон бардык кылмыш иштери токтотулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

«Козголгон кылмыш иштери бир ай мурда эле токтотулган»,-деп билдирди жактоочу.

Буга чейин, мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге да жети кылмыш ишин козгоп, ал 2-июнда камакка алынган. Башкы прокуратура бир кылмыш иши коррупция беренеси, эки кылмыш иши опузалап пара алуу беренеси боюнча, төрт кылмыш иши кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү боюнча экенин билдирген.

Бейшеналиев мындай жагдайдын башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жеке пикир келишпестигинен улам жаралганын билдирген. Жагдайга президент кийлигишип, териштирүү комиссиясын түзгөн. Бейшеналиев эки жумадай тергөө абагында жатып, Зулушев кызматынан убактылуу четтетилген. Кийин аталган кылмыш иштеринин бири токтотулган. Бейшеналиев «Алтын-Балалык» борборуна жетекчилик кызматка дайындалган.

КӨМҮР 4 МИҢ СОМДОН САТЫЛАТ

Бишкекте бүгүндөн баштап көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатылат. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кара-Кече кенинен чыккан көмүрдүн баасы 4 миң сомдон сатылат жана бир адамга эки тонна берилет.

“Бишкектин тургундары “Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан уюштурулган жайлардан таңкы саат 9:00дөн баштап арзан көмүр сатып ала алат”, — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, көмүр алууну каалагандар Мурманский көчөсү, 126, Айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилиши; Айланма жол менен Киргизская көчөсүнүн кесилиши жана Достоевский көчөсү, 97 даректерине барса болот.

Количество просмотров: 399