• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Бийликти басып алууга айыпталган Жетигенов мэр болду. Зомбулуктун жазасын катаалдатуу сунушталды

29 Жетинин айы 2022 18:58 Бишкек Govori.TV

УЛУТТУК БАНКТЫН МААЛЫМАТЫ

КР Улуттук банк башкармалыгы эсептик ченди 13%га чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банкттын атайын өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, бул чечим бүгүндөн тарта күчүнө кирет.

Ошондой эле ал учурда Кыргызстанда валюта рыногундагы абал тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары Карабаева Улуттук банктын карамагында дээрлик 38 тонна алтын бар экенине токтолду.

ОШКО ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэрлигинен бошотулуп, анын ордуна Бакытбек Жетигенов дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. 46 жаштагы Алмаз Мамбетов Ош шаарына былтыр 26-августта мэр болуп шайланган. Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 43ү макулдугун берген.

56 жаштагы Бакытбек Жетигенов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. 2021-жылы ноябрда «Бийликти күч менен басып алууга даярдануу» деген айыптын негизинде кармалган. 2021-жылы 23-декабрда бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдугун берген эмес.

ЗОМБУЛУК МЕНЕН КҮРӨШ

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алууга багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Учурда ал коомдук талкууда. Депутат сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу «Марал»  радиосунун түз эфиринде билдирди.

Мыйзам долбоордун  максаты, үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулукка чараны катаалдатуу, зомбулуктан жабыркаган адамдарды өз убагында коргоо болуп эсептелет.

Депутат Ашимованын айтымында, жаңы нормалардын бири – зомбулук көрсөткөн адамды 30 күнгө үйүнөн чыгаруу.

“Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча кылмыш иши жабырлануучунун арызы жок кезде да милдеттүү түрдө козголот. тагыраагы, жабырлануучу гана эмес, кошунасы же тууганы, же окуяга күбө болгон жарандар да арыз бере алат”, — дейт депутат.

Кошумчалангандай, мыйзам долбоорунда зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер, жашы жете элек адам менен никеге турууга мажбурлоо жана диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамды бузууда каралган кылмыштар боюнча тосмо арыздын негизинде кылмыш иштерин жабууга тыюу салынат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда акыркы эки жылда 20дан ашык аял зомбулуктан каза болгон. Жылына 10 миңге жакын аял үй-бүлө зомбулугунан жабыркайт. Эл аралык уюмдардын изилдөөлөрү боюнча, зомбулукка кабылган аялдардын 60% дан ашыгы милицияга кайрылбайт.

КЫРСЫКТА 3 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Daewoo Nexia  үлгүсүндөгү унаа Жалал-Абаддын Ноокен районунун Кыла айылы аркылуу кесип өтүүчү жолдун жээгинде токтоп турган Volvo үлгүсүндөгү оор жук ташуучу унаанын артынан келип сүзгөн. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык күн мурун, 28-ноябрда саат 01:00дөр чамасында орун алып, анын кесепетинен үч адам каза болгон.

Учурда унаалар убактылуу токтотуучу жайга киргизилип, тийиштүү материалдар даярдалды. Жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Ал эми Бишкек–Ош унаа жолунун 77-чакырымында КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, турак үйдү сүзгөн. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен унаанын 40 жаштагы айдоочусу жабыркап, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

ҮЧ ЭМ ТӨРӨЛДҮ

Бишкекте төрөлгөн үч эмдин бирине президент Садыр Жапаровдун, экинчисине УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин аты берилип, үчүнчүсүнө Ынтымак ысымдары коюлду.

Маалыматка караганда, 1981-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну 25-ноябрда Бишкектеги ооруканада үч эм төрөгөн. Учурда ымыркайлар менен эненин абалы жакшы. Ымыркайлардын салмагы 2,35, 2,45 жана 2,3 килограммды түзөт. Жубайлардын үч эмден тышкары, эки кыз, эки уулу бар.

Белгилей кетсек, төрөлгөн үч эм же эгиз ымыркайларга президенттердин, же бийликтеги тандем катары белгилүү болгон саясатчылардын ысымдарын ыйгаруу өлкөдө буга чейин да байма-бай катталып келет.

Количество просмотров: 478