• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Бир күндө 4 министр алмашты. Бекназаровдор жаткан түрмөнүн абалы көрсөтүлдү

7 Аяк оона 2023 18:29 Бишкек Govori.TV

ТӨРАГА СЫН АЙТКАНДАРГА ЖООП БЕРДИ

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 7-сентябрдагы жыйында коомчулукта парламентке айтылган сындарга жооп берди.

Шакиев өз сөзүндө Жогорку Кеңештин бийликке, президентке, Министрлер кабинетине сын айта албайт деген пикирлер менен макул эместигин, тескерисинче, депутаттар көбүрөөк сунуш берип жатканын айтты.

КАДРДЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Министрлер кабинетинде бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык менен Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болду. Ал эми Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилигине барды. Бул мекемени Кудайберген Базарбаев башкарып келаткан.

Президенттин дагы башка жарлыктары менен Умбриэль Темиралиев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулуп, ордуна Талантбек Иманов дайындалды. Ал ушул күнгө чейин санарип өнүктүрүү министри болгон.

Санарип өнүктүрүү министрлигине Нурия Кутнаева убактылуу жетекчи болуп бекиди.

Андан тышкары билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн деген негизде президенттин жарлыгы менен кызматынан бошотулду. Уланбек Усеков министрдин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды.

Жаңы жетекчилердин баарын тең кызматка бекитүү үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу киргизилди.

Бул арада Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымат таратып, Асылбаева Гюльшат Кадыровна Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Ал эми аталган кызматтын төрагасы болуп кечээ, 6-сентябрда дайындалган Мамыралиев Айбек Абасканович бул кызматтан бошотулуп, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

КЕМПИР-АБАД ИШИ: АБАКТАГЫ КАРМОО ШАРТТАРЫ

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчылар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров жана Жеңиш Молдокматовор жаткан тергөө абагындагы камеранын сүрөтү Молдокматовдун Фейсбук баракчасына жарыяланды.

«Мына ушундай шартта СИЗО-1дин жер төлөсүндө Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Молдокматов, Кадыров, Жеенбеков, Бекназаровдор камакта. Атайын ден-соолугунан ажыратуу учун нымдуу, сыз, кок баскан, муздак жер толоодо кармап жатышат. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматы боюнча камераларда нымдуулук жогору, нымдуулуктан улам дубал менен шыптан текстура жоголуп, полдо жаракалар пайда болот»,-деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча камалган алты саясатчы абакта басым болуп жатышканын айтып чыгышкан.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы, активисттердин «сыз жерде кармап жатышат» деген билдирүүсү боюнча Govori.TVга комментарий берип, абактарда кыйноого жол берилбей турганын айткан.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразычылыгын билдирген саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер камакка алынган. Учурда 20дан ашуун киши Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

“КЛООПТУН” ИШИ БОЮНЧА СОТ ӨТӨТ

Бишкек шаардык прокуратурасынын “Клооп” басылмасын жабууга байланыштуу арызы 26-сентябрда каралат. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди. Арызды Октябрь райондук соту карайт.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон.   Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган.
Прокуратура басылманын мындай маалыматтары «эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө арагасыз кылып жатканын» жүйө келтирген.
Басылманын башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.
Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин «Клооп Медиа» мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдиришти. Алар Кыргызстандын бийлигин медианы жоюу тууралуу арызын артка кайтарып, көз карандысыз репортаждары жана иликтөөлөрү үчүн куугунтуктоону токтотууга чакырышты. “Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

АКШ ОКУУ ВИЗАЛАРЫН УЗАРТАБЫ?

Кыргызстан АКШдан визанын айрым категорияларынын, анын ичинде окуу визаларынын мөөнөтүн узартууну суранат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР жарандарынын чет өлкөгө баруу шарттарын жакшыртуу иштеринин алкагында КР Тышкы иштер министрлиги америка тарабы менен өз ара негизде айрым категориядагы, анын ичинде окуу категориядагы визалардын мөөнөттөрүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү демилгеледи.

«Америка тарабы менен макулдашуулар жетишилгенде расмий маалымат жарыяланат. Ошону менен бирге КР жарандарынын АКШга кирүү жана анын аймагында жүрүү эрежелерин сактоосу визаларды тариздөө тартибин жеңилдетүү боюнча макулдашууларга жетүүгө шарт түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 2568